Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 2-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

03-12-2021
13:41

2021-жылдын 1-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Керезбеков К.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-10027/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 183 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.05.21деги № 180 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – каршы пикирге макулдук берилсин – Мыйзам четке кагылсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-т тескемеси жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

2021-жылдын 2-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

8. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15031/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15031/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)