Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 3-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоору

10-11-2021
17:51

2021-жылдын 3-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоору:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4889-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

2. “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 183 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-10027/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими –  жактырылсын)

 

4. “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.20дагы № 457 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5. “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Алтыбаева А.Т.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – Каршы пикирге макулдук берилсин: Мыйзам четке кагылсын)

 

6. “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Икрамов Т.И., Исмаилов У.Ч.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – Каршы пикирге макулдук берилсин: Мыйзам четке кагылсын)

 

7. “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы №4629-VI токтому менен түзүлгөн бактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору
(токтом долбоору кабыл алынсын)

 

8.1 “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15476/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8.2 “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15476/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими –экинчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8.3 “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15476/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9.1 “Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-14642/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9.2 “Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-14642/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9.3 “Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-14642/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

10.2 “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10.3 “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)