Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 7-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

08-10-2021
09:16

2021-жылдын 7-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1.2 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Молдобекова Г.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

1.3 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Молдобекова Г.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12378/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12811/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-13073/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5.2 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Урумкалиева Ч.Ч., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Рыспаев К.Дж., Бердиев А.Т., Атазов Ш.К., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Турдумамбетов О.Ж., Исмаилов У.Ч., Молдобекова Г.С., Жээнбеков А.Ш., Жунус уулу Адыл) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5.3 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Урумкалиева Ч.Ч., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Рыспаев К.Дж., Бердиев А.Т., Атазов Ш.К., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Турдумамбетов О.Ж., Исмаилов У.Ч., Молдобекова Г.С., Жээнбеков А.Ш., Жунус уулу Адыл) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Бешимбаева А.К., Тотонов Н.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө”, “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Турдумамбетов О.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)