Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 6-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

08-10-2021
09:03

2021-жылдын 6-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Бакиров Ө.М., Дюшалиев А.К., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Иманалиев К.К., Шарапов З.Э., Самаев У.О., Эсенаманов З.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И., Тагаев Э.С.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4.2 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4.3 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими –үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5.2 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи кабыл алынсын)

 

5.3 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими –үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)