2016-жылдын 10-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору (жаныртылды)

04-11-2016 11:28

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

 

2016-жылдын 10-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

1. Ар кандай маселелер

2. “Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 474 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

3. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 27.07.16дагы № 416 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

4. “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 13.07.16дагы № 392 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

5. “Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 18.07.16дагы № 403 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Макеев Н.К., Мамашова А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

7. “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Исаева Д.Ш., Жамалдинов З.И., Мусабекова Ж.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

8. “Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 477 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

9. “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.03.15теги № 102 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)



Көрүүлөрдүн саны : 3324