2016-жылдын 9-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору

04-11-2016 11:26

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

 

2016-жылдын 9-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

1. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарга) (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Никитенко Н.В., Скрипкина Г.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

3. “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Жеенчороев М.К., Өмүрбекова А.С., Сабиров М.Э., Сыдыков Б.Ү., Алтынбеков А., Тиллаев Т.Г., Райымкулов Б.К., Нишанов Н.Н., Жамангулов А.Ж.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

5. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Узакбаев А.О., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З., Бокоев К.С.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Балык чарбасы жөнүндө”, “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

7. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Зулушев К.Т., Абдылдаев М.Ю.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

8. “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 08.07.16дагы № 380 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

9. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Матраимов И.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)



Көрүүлөрдүн саны : 2764