Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 22-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам жана токтом долбоорлору

01-10-2021
09:53

2021-жылдын 22-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам жана токтом долбоорлору

 

1. “2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

2. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

3.2. “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

3.3. “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими –үчүнчү окууда кабыл алынсын)

4.2 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

4.3 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими –үчүнчү окууда кабыл алынсын)

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Суу кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине,  “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Торобаев Б.Э., Абдалиев М.А.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

6. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жоробеков Т.У.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

7. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Иманалиев К.К., Бакиров Ө.М., Шарапов З.Э., Эсенаманов З.С., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Тагаев Э.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

8. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12378/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

10. 2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири боюнча Мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

11. “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)

12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 17-февралындагы №4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы №4422-VI токтомдору менен түзүлгөн “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” Жабык акционердик коомунун сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-майындагы № 4555-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)