«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына»  («Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 3-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

03-11-2016 14:37

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутат: М.Мавлянова

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-89-15 

эл. дареги: ayka.kasymova@list.ru

Каттоо  № 6-25921/16      31.10.2016

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына»

 («Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене

«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 30-статьянын 5-бөлүгү «357-359-статьяларын» деген сѳздѳрдѳн кийин «,489-статьясын» деген сѳздѳр менен толукталсын.

2) 249-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

«Таштандыларды жана башка буюмзаттарды транспорттук каражаттардан таштоо,-

эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».

3) 489-статьяда:

- 1-бөлүктүн экинчи абзацында «сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-бөлүктүн экинчи абзацында «сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-бөлүктүн экинчи абзацында «эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө» деген сөздөр «эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 364-1-статья менен толукталсын:

«364-1-статья. Массалык иш-чараны уюштуруучу тарабынан массалык иш-чараларды (эс алуу убакытты) өткөрүүчү коомдук жерлерде биодаараткананы орнотууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгүн билдирүү менен коомдук тартипти бузуу

Массалык иш-чараны уюштуруучу тарабынан массалык иш-чараларды (эс алуу убакытты) өткөрүүчү коомдук жерлерде биодаараткананы орнотууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, -

жарандарга  эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».

5) 508-статьянын 1-бөлүгү «364» деген цифралардан кийин «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

6) 509-статья «251-статьянын экинчи бөлүгүндө» деген сѳздѳрдѳн кийин «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

7) 511-статьяда:

- экинчи абзац «364-статьясынын биринчи бөлүгүндө» деген сѳздѳрдѳн кийин  «364-1-статьясында,» деген сөздѳр менен толукталсын;

- үчүнчү абзац «364-статьясынын биринчи бөлүгүндө» деген сѳздѳрдѳн кийин  «364-1-статьясында,» деген сөздѳр менен толукталсын;

- бешинчи абзац «247,», «396-статьясында,» деген сѳздѳрдѳн кийин  «364-1,», «489-статьясында;» деген сѳздѳр менен толукталсын;

- алтынчы абзац «251-статьясынын биринчи бөлүгүндө,» деген сѳздѳрдѳн кийин  «364-1,», «489-статьялары;» деген сѳздѳр менен толукталсын;

- жетинчи абзац «247» деген цифралардан кийин  «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

8) 534-1-статья «353» деген цифралардан кийин «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

9) 556-1-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы «364» деген цифралардан кийин «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

10) 584-статьянын 7-бөлүгү «364-статьясынын биринчи бөлүгүндө» деген сѳздѳрдѳн кийин «364-1,» деген цифралар менен толукталсын.

11) 614-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«Ушул Кодекстин 249-1 жана 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жасалганда, өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен акча каражаттарынын 20 пайызы администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында сыйакы төлөө үчүн жана 10 пайызы ички иштер органдарынын бөлүктөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу үчүн пайдаланылат.».

2-берене

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кодексине  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

«Айлана-чѳйрѳнү булгануудан коргоону камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акча түрүндө сыйакы төлөнүп берилет.».

3-берене

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.

2) Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2017-жылдын апрель айына чейин калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу жана абаттоо үчүн таштанды урналарды орнотушсун.

4-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына» («Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси

30-статья. Айып

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет.

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо, юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

30-статья. Айып

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет.

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359, 489-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359, 489-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо, юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн он миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

249-1-статья. Автобейбаштык

Автобейбаштык, башкача айтканда, автотранспорт каражатынын айдоочусунун же транспорт каражатында болгон адамдардын коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнө бузган, коомго карата даана сыйлабастыкты билдирген, Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон (автожарыш, белгиленбеген жерлерде ар каңдай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр жана у.с.) атайылаган аракети, ошондой эле бештен ашык транспорт каражатынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражатынын кыймылы -

эсептешүү көрсөткүчтүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин жана делегациянын курамында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессинде; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты бар колоннада бештен ашык транспорт каражаттарынын колоннада жүрүүсүнө уруксат берилет.

Таштандыларды жана башка буюмзаттарды транспорттук каражаттардан таштоо -

эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин жана делегациянын курамында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессинде; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты бар колоннада бештен ашык транспорт каражаттарынын колоннада жүрүүсүнө уруксат берилет.

364-1-статья. Массалык иш-чараны уюштуруучу тарабынан массалык иш-чараларды (эс алуу убакытты) өткөрүүчү коомдук жерлерде биодаараткананы орнотууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгүн билдирүү менен коомдук тартипти бузуу

Массалык иш-чараны уюштуруучу тарабынан массалык иш-чараларды (эс алуу убакытты) өткөрүүчү коомдук жерлерде биодаараткананы орнотууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү,-

жарандарга  эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

489-статья. Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү

Турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү -

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү, -

кызмат адамдарына сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракеттер, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

489-статья. Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү

Турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү, -

эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен администрациялык айып салууга алып келет.

Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү, -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракеттер, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч  жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

508-статья. Судьялар

Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 79-1, 80, 82-1, 85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 103-1, 105, 117-1 - 117-5 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151-157-статьяларында, 213-5-статьянын экинчи бөлүгү, 213-10-статьясында, 213-11, 224-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 228-статьясында, 228-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 231-1-статьясында, 234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 234-1-статьясында, 238-статьясында (тогузунчу бөлүктү кошпогондо), 240-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 243-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 248-статьясында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 272-1 - 272-3, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-2, 301-3-статьяларында, 301-4, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясында, 308-статьясында, 338-6, 315-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 339-345, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 387-1-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400, 401-1, 401-2, 401-3, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, 466, 467, 476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

Аларды жасагандыгы үчүн администрациялык камакка алуу жана/же коомдук иштерге тартуу түрүндө жоопкерчиликтер каралган укук бузуулар райондук, шаардык соттордун судьялары тарабынан, ал эми өзгөчө же аскер абалдары шарттарында - ушул Кодекстин 38-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан да каралат.

Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат.

508-статья. Судьялар

Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 79-1, 80, 82-1, 85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 103-1, 105, 117-1 - 117-5 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151-157-статьяларында, 213-5-статьянын экинчи бөлүгү, 213-10-статьясында, 213-11, 224-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 228-статьясында, 228-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 231-1-статьясында, 234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 234-1-статьясында, 238-статьясында (тогузунчу бөлүктү кошпогондо), 240-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 243-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 248-статьясында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 272-1 - 272-3, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-2, 301-3-статьяларында, 301-4, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясында, 308-статьясында, 338-6, 315-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 339-345, 354, 363, 364, 364-1, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 387-1-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400, 401-1, 401-2, 401-3, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, 466, 467, 476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

Аларды жасагандыгы үчүн администрациялык камакка алуу жана/же коомдук иштерге тартуу түрүндө жоопкерчиликтер каралган укук бузуулар райондук, шаардык соттордун судьялары тарабынан, ал эми өзгөчө же аскер абалдары шарттарында - ушул Кодекстин 38-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан да каралат.

Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат.

509-статья. Администрациялык комиссиялар

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары ушул Кодекстин 185, 187, 188, 191, 192, 194, 195, 251-статьянын экинчи бөлүгүндө, 372, 387, 388, 411, 435-439, 487, 488-497-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

509-статья. Администрациялык комиссиялар

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары ушул Кодекстин 185, 187, 188, 191, 192, 194, 195, 251-статьянын экинчи бөлүгүндө, 364-1, 372, 387, 388, 411, 435-439, 487, 488-497-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

511-статья. Ички иштер органдары

Ички иштер органдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөндөгү статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жазаларын көрөт:

ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - ушул Кодекстин 92-1-статьясында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 228-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-233-статьяларында, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларында, 238-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө, 239-статьясында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 243-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 244-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375, 376-статьяларында, 377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында, 390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларында;

транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - 85-1, 212, 212-1, 216, 220-статьяларында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 378, 410-статьяларында;

милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жана линиялык пункттарынын башчылары - 85-1, 216-статьяларында, 220-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 377, 384, 389, 410-статьяларында;

милициянын участоктук инспекторлору - 85-1, 247, 365-статьяларында, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 384-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 396-статьясында;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, топтун улуктары, улук инспекторлор жана администрациялык пpaктиканын инспекторлору - 173, 212-статьяларында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 228-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229, 229-1-статьяларында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-233-статьяларында, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларында, 238-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө, 239-статьясында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 243-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 244-245, 246-1, 247, 249, 249-1-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору, жол кыймылы коопсуздугунун полкторунун, батальондорунун, роталарынын, бөлүмдөрүнүн командирлери жана алардын орун басарлары, улук мамавтоинспекторлору, взводдордун командирлери, жол көзөмөлүнүн улук инженерлери жана инженерлери, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору жана инспекторлору - 173, 212, 213-9-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 232, 233, 235-237-статьяларында, 239-статьясында, 245, 246-1, 247-статьяларында.

511-статья. Ички иштер органдары

Ички иштер органдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөндөгү статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жазаларын көрөт:

ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - ушул Кодекстин 92-1-статьясында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 228-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-233-статьяларында, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларында, 238-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө, 239-статьясында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 243-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 244-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-1-статьясында, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375, 376-статьяларында, 377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында, 390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларында;

транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - 85-1, 212, 212-1, 216, 220-статьяларында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-1-статьясында, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 378, 410-статьяларында;

милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жана линиялык пункттарынын башчылары - 85-1, 216-статьяларында, 220-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 377, 384, 389, 410-статьяларында;

милициянын участоктук инспекторлору - 85-1, 247, 364-1, 365-статьяларында, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 384-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 396-статьясында, 489-статьясында;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, топтун улуктары, улук инспекторлор жана администрациялык пpaктиканын инспекторлору - 173, 212-статьяларында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 228-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229, 229-1-статьяларында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-233-статьяларында, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларында, 238-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө, 239-статьясында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 243-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 244-245, 246-1, 247, 249, 249-1-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-1, 489-статьяларында;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору, жол кыймылы коопсуздугунун полкторунун, батальондорунун, роталарынын, бөлүмдөрүнүн командирлери жана алардын орун басарлары, улук мамавтоинспекторлору, взводдордун командирлери, жол көзөмөлүнүн улук инженерлери жана инженерлери, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору жана инспекторлору - 173, 212, 213-9-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 232, 233, 235-237-статьяларында, 239-статьясында, 245, 246-1, 247, 364-1, 489 статьяларында.

534-1-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) 90, 92, 93, 185, 186, 193, 285-статьянын биринчи бөлүгүндө, 286-288-статьяларында, 289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-статьяларында, 304-статьянын биринчи бөлүгүндө, 305-статьянын биринчи бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 348, 353, 448, 455, 456, 462, 467, 472, 487, 487-1, 487-3, 487-4, 488-491, 494, 496-статьяларында каралган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

534-1-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) 90, 92, 93, 185, 186, 193, 285-статьянын биринчи бөлүгүндө, 286-288-статьяларында, 289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-статьяларында, 304-статьянын биринчи бөлүгүндө, 305-статьянын биринчи бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 348, 353, 364-1, 448, 455, 456, 462, 467, 472, 487, 487-1, 487-3, 487-4, 488-491, 494, 496-статьяларында каралган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар);

ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 395-1, 422, 489-статьялар);

Мындан ары текст боюнча

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар);

ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 364-1, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 395-1, 422, 489-статьялар);

Мындан ары текст боюнча

584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун орду

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, транспорт каражаты табылган, айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюу же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча, ал эми өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнүчү боюнча иш бул адам жашаган жери боюнча же транспорт каражаты эсепте турган жери боюнча каралышы мүмкүн.

Ушул Кодекстин 46-1-статьясында, 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясынын биринчи-алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242-244, 244-1, 248-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаты айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюлган же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып койгон жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 247-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 223, 224, 226-237, 239-242, 245, 246-1-248-статьяларында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер балдардын иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете электин жашаган жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.

584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун орду

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, транспорт каражаты табылган, айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюу же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча, ал эми өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнүчү боюнча иш бул адам жашаган жери боюнча же транспорт каражаты эсепте турган жери боюнча каралышы мүмкүн.

Ушул Кодекстин 46-1-статьясында, 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясынын биринчи-алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242-244, 244-1, 248-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаты айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюлган же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып койгон жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 247-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 223, 224, 226-237, 239-242, 245, 246-1-248-статьяларында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер балдардын иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете электин жашаган жери боюнча каралат.

Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-1, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.

614-статья. Айып салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

1. Айып укук бузуучу тарабынан ага айып салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтом даттанылган учурда, даттануу же көрсөтүү канааттандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндө маалымдалган күндөн тартып, он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. Транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өткөн учурунда, 229-1-статьяда каралган администрациялык укук бузууну жасаган учурда алынуучу айып Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан учурга чейин төлөнүүгө тийиш.

Укук бузуу жасалган жерде администрациялык айыпты өндүрүүдө бузуучуга катуу финансылык отчеттуулук документи болуп саналган жана эки нускада түзүлгөн, белгилеген формадагы айып квитанциясы берилет. Администрациялык укук бузуу жасаган адам салынган жаза-чарага өзүнүн макулдугун айыпты ыктыярдуу төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы бул жаза-чарасы колдонулган адамга берилет.

2. Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган айып укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан белгиленген тартипте лицензия алган Кыргыз Республикасынын банкынын, төлөм уюмдарынын же филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн, же почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине төгүлөт. Укук бузуу жасалган жерде алынуучу айып укук бузуучу тарабынан, ушул Кодекстин 559-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте, накталай төлөм формасында төгүлөт.

3. Өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдары салган администрациялык айыптардын суммалары, ушул статьянын 4-6-1-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жол кыймылы коопсуздугун жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жасалганда өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет, ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте айкындалган администрациялык укук бузууларды жасаганы үчүн өндүрүп алынган айыптарды кошпогондо, алардын ичинен акча каражаттарынын 25 пайызы ички иштер органдарынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана мыйзамдарга ылайык алардын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат.

Ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте айкындалган администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.

5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фондуна чегерилет.

6. Административдик укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) салган айыптардын суммалары тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Мында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) текшерүүлөрүнүн материалдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан салынган административдик айыптардын суммаларынан 30 пайыз айыптык сумма ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине чегерилет.

6-1. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан администрациялык укук бузуулар үчүн салынган айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен 25 пайызы экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик органды материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана кызматкерлерге дем берүү үчүн пайдаланылат.

7. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген укук бузуулар боюнча алынуучу администрациялык айыптардын суммалары ички иштер органынын ушул Кодексте каралган тартипте бажы органынын кызмат адамы, сот (судья) тарабынан жүргүзүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.

Ушул Кодекстин 249-1 жана 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жасалганда, өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен акча каражаттарынын 20 пайызы администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында сыйакы төлөө үчүн жана 10 пайызы ички иштер органдарынын бөлүктөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу үчүн пайдаланылат.

5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фондуна чегерилет.

6. Административдик укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) салган айыптардын суммалары тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Мында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) текшерүүлөрүнүн материалдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан салынган административдик айыптардын суммаларынан 30 пайыз айыптык сумма ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине чегерилет.

6-1. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан администрациялык укук бузуулар үчүн салынган айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен 25 пайызы экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик органды материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана кызматкерлерге дем берүү үчүн пайдаланылат.

7. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген укук бузуулар боюнча алынуучу администрациялык айыптардын суммалары ички иштер органынын ушул Кодексте каралган тартипте бажы органынын кызмат адамы, сот (судья) тарабынан жүргүзүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

24-статья. Ички иштер органдарын каржылоо

Ички иштер органдарын каржылоо Өкмөт тарабынан борборлоштурулган тартипте республикалык бюджеттен, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, ишканалардан, башка юридикалык жактардан жана жеке адамдардан келип түшкөн каражаттарынын, башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Ички иштер органдары тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте алынып, мамлекеттик кирешеге айландырылган мүлктү жана башка баалуулуктарды сатуудан түшкөн акчалай каражаттардын, анын ичинде валютанын 30 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте алууга ички иштер органдарына укук берилет.

Ички иштер органдары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мыйзамдуу түрдө алынып коюлган жана конфискацияланган мүлктү иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте сатып алууга артыкчылык укугуна ээ.

Айлана-чѳйрѳнү булгануудан коргоону камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акча түрүндө сыйакы төлөнүп берилет.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору айлана-чөйрөдө адамдардын өмүрүнө жан ден соолугуна жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын жана кызмат адамдарынын жоокерчилигин күчөтүү, ошондой эле мыйзамдарда кенемтелерди толтуруу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат.

Колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинде таштандыларды жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 өлчөмүндө (2 миӊ сом)  администрациялык айып салууга алып келет. Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Аталган айып салуулар 2015-жылдын май айында  көтөрүлгөн. Мурда турмуш-тиричиликтин таштандыларын таштоо үчүн администрациялык айып болгону жүз сомду түзгөн, ал эми өндүрүштүк  - 50 сомдо 100 миӊ сомго чейин түзгөн, Ага карабастан, көрсөтүлгөн  өлчөмгө чейин  айыптарды көбөйтү жолу менен жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралар күтүүлүчү натыйжайларды берген жок. Мурдагыдай эле  жалпы коомдук пайдалануу жерлерде, сейил бактарда, гүл бакчада, көчөлөрдө, турак жай үйлөрдүн короолорунда пластика бөтөлкөлөр жана пакеттер, консерва банкалары, тамекинин калдыгы жана башка таштандылар чачылып жаткандыгы байкалат. Жарандар таштандыларды өрттөгөнү өрттөгөн, мында болуп жаткан окуяларга коомчулук тарабынан эч кандай реакция болбойт. Коомубуздун жалпы маданияты түшүүдө, көпчөлүк жарандарыбызга  белгиленбеген жерде таштандыларды таштоо кадимкидей эле көрүнүш болуп саналат. Ушундан улам, айлана-чөйрөнү турмуш-тиричилик  жана өндүрүштүк таштандылар менен булгоо биздин өлкөнүн туристтик  жагымдуулугуна  терс  таасирин көрсөтүүдө.

Таштандыларды  жана башка буюмзаттарды  таштоо үчүн туристтик индустриясы өнүккөн европа жана чыгыш азиялык өлкөлөрдүн ири өлчөмдө белгиленген айыптар тажрыйбасы  бузууларды кыскартууга, иш жүзүндө  нөлгө чейин алып келген. Мисалы, Сингапурда белгиленбеген жерде кадимки эле кагазды таштагандыгы үчүн казынага 300дөн 1000 долларга чейин төлөнөт.

Ошентип, аталган Мыйзам долбоору менен таштандыларды жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү  кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айыптын өлчөмүн  көбөйтүү жолу менен жоопкерчиликти катаалдатуу сунуш кылынат. Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен администрациялык айыптын өлчөмүн  көбөйтүүгө тийиш.  Кайталап жасалган ошол эле аракеттер үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүнө  чейин айып салууну көбөйтүү зарыл.

Чоӊ өлчөмдөгү айыптарды киргизүү чөйрөнүн жагымдуулугуна, жарандардын тартибинин, маданиятынын деӊгээлинин, укуктук аӊ сезиминин  жогорулатууга, укук бузуучулардын эсебинен республикалык бюджетти толуктоого көмөктөшүүгө тийиш.

Азыркы учурда тамекинин калдыктары, пластика бөтөлкөлөрдү жана пакеттерди, ошондой эле жол кыймылынын катышуучулары болуп саналган транспорттук каражаттардан майда турмуш-тиричилик калдыктарды таштагандыгы үчүн жаза каралбагандыгын белгилөө зарыл, башкача айтсак,  Кодекс муну администрациялык укук бузуу катары  белгилебейт жана  жиктештирбейт. Ошондуктан,  жол кыймылынын катышуучулары болуп саналган транспорттук каражаттардан таштандыларды жана башка буюмзаттарды таштагандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 249-1-статьясынын экинчи бөлүгү менен Кодексти толуктоого сунуш кылынат.

Ошондой эле, массалык иш-чараны уюштуруучу тарабынан массалык иш-чараларды (эс алуу убакытты) өткөргөн көп эл чогулган коомдук жерлерде биодаараткананы орнотууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликти караган 364-1-статья менен Кодексти толуктоо сунуш кылынат.

Кодексти 364-1-статья менен толуктоого байланыштуу, Кодексти 36-главасында  көрсөтүлгөн статья боюнча  администрациялык укук бузуулар боюнча ишти караган  ыйгарым укуктуу органдын аныкталышы, ошондой эле администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамды  анын укук бузуу жасаган жери же жашаган жери боюнча каралышы сунуш кылынат. 

Мындан тышкары,  Кодекстин 556-1-статьясында укук бузуулардын курамынын статьялары аталган, ал боюнча ички иштер органдары администрациялык укук бузуулар боюнча протокол түзүүгө укуктуу, алардын ичинде 489-статья көрсөтүлгөн. Ара-чолодо Кодекстин 511-статьясында ички иштер органдарынын  ыйгарым укуктарына кирген  укук бузуулардын статьялары аталган, анда  белгиленген статья каралган эмес. Ушуга байланыштуу, Кодекстин 511-статьясы 489 жана 364-1-статьяларында каралган укук бузуу менен толукталышы сунуш кылынат.

Кодекстин колдонуудагы редакциясына ылайык, башка  ыйгарым укуктуу орган менен катарлаш ички иштер органдарынын кызмат адамдары дагы белгиленбеген жерлерде таштындаларды  таштоо жана күйгүзүү үчүн укук бузуучуларды жоопкерчиликке  тарта алышат.

Айлана-чөйрөнү жагымдуулугун жакшыртуу боюнча коюлган максатка жетүү үчүн  шарттарды түзүү зарыл, анда ишинин акыркы натыйжаларына  кызыкчылыктар пайда болот жана  ички иштер органдын кызматкерлеринде  өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу күчөйт.

Түздөн-түз айлана-чөйрөнү булгаган, таштандыларды белгилебеген жерде  күйгүзөгөн  укук бузуучуларды жоопкерчиликке  тартуучу  ички иштер органдарынын кызматкерлерине администрациялык айыптардан өндүрүп алынган суммалардын 20 пайызы  аларга сыйакы төлөө жолу менен материалдык дем берүүнү  сунуш кылынат.

Ушуга байланыштуу, Кодекстин 614-статьясынын 4-бөлүгүнө Кодекстин 249-1 жана 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жасалганда, өндүрүп алынган администрациялык айыптардын суммалары республикалык бюджетке чегерилет, алардын ичинен акча каражаттарынын 20 пайызы администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында сыйакы төлөө үчүн жана 10 пайызы ички иштер органдарынын бөлүктөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу үчүн пайдаланылат, - деп өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат.

Мында, администрациялык айып төлөө түрүндө республикалык бюджетке түшкөн каражаттардын тартиби жана механизми КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Сунушталган Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

Аталган Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык  сарптоолордго алып келбейт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келет, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  2015-жылдын 26-июнундагы  № 5389-V токтому менен бекитилген  мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамасына ылайык даярдалган. 

Мыйзам долбоору жөнгө салуунун таасир этүү талдоосуна жатпайт, анткени ал ишкердик ишти жөгө салууга багытталган эмес.

Коомдук талкуунун камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясын ишке ашыруу үчүн аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтында жайгаштырылган

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин депутаты                                                 М.Э.Мавлянова 

Көрүүлөрдүн саны : 18280