2016-жылдын 27-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.08.16дагы № 467 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
2. “Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 474 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
3. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.16дагы № 416 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
4. “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.07.16дагы № 392 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)
5. “Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.07.16дагы № 403 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)
6. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.16дагы № 548 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)
7. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)
8. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)
2016-жылдын 2-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
9. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Исаев К.К., Бабанов Ө.Т. жана башкалар) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
10. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар
Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Скрипкина Г.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи - Өкмөт, 07.05.16дагы № 234 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
12. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Аттокуров Д.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Жарандык процесстик кодекске, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендер, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жана чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Аттокуров Д.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)