Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 30-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

01-07-2021
10:22

2021-жылдын 30-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.04.21деги № 145 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6.2. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.04.21деги № 175 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6.3. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.04.21деги № 175 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Башкы прокурор) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин долбоору (демилгечи – Башкы прокурор) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоору (демилгечи – Башкы прокурор) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Башкы прокурор) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

11. Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору (демилгечи – Башкы прокурор) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4616-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 31.12.19дагы № 735 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

16. “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” Жоопкерчилиги чектелген коомунун сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)

 

17. “Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” Жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин, анын айлана-чѳйрѳгѳ тийгизген таасирин жана тоо-кен ѳнѳр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтѳѳ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)