Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 17-июнундагы № 4668-VI Айыл чарба продукцияларына баалардын көтөрүлүшү жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы программасы тууралуу

17-06-2021
10:05

Айыл чарба продукцияларына баалардын көтөрүлүшү жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы программасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А. Мариповдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Айыл чарба продукцияларына баалардын көтөрүлүшү жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы программасы тууралуу

   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А. Мариповдун маалыматы эске алынсын.

2. Айыл чарба продукцияларынын баасын турукташтырууда жана аймактарды сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар  жетишсиз деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов