Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 17-июнундагы № 4666-VI Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө

17-06-2021
09:50

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана оору көп чыккан аймактарда иштөөгө тартылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынан компенсациялык төлөмдөргө каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй сунушуна макулдук берилсин:

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 50 000 000 (элүү миллион) сом;

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондуна 550 000 000 (беш жүз элүү миллион) сом.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мамлекеттик бюджеттик резервден бөлүнүүчү каражаттарды “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө карасын.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                       Т.Т. Мамытов