Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 17-июнундагы № 4665-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

17-06-2021
09:45

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жапаров Акылбек Үсөнбекович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

Нурдинов Бейшеналы Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

 

2. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Койчуманов Мээримбек Нурбекович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.

 

3. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
19-ноябрындагы № 39-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Урумкалиева Чинара Чалагызовна Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга жиберилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                      Т.Т. Мамытов