Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 17-июнундагы № 4664-VI Кыргыз Республикасынын жараны, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндө

17-06-2021
09:40

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, коомдук ишмер Орхан Инандынын 2021-жылдын 31-майында Бишкек шаарында белгисиз адамдар тарабынан уурдалуу фактысы жөнүндө, ошондой эле аны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м            к ы л а т:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көрсөтүлгөн маселе боюнча маалыматтары эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Орхан Инандыны издөө боюнча иши жетишсиз деп таанылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Орхан Инандыны издөө боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын аракеттерине укуктук баа берсин жана ушул маселени өзгөчө контролго алсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орхан Инандыны издөө боюнча ишти күчөтсүн.
  5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

      -Орхан Инандынын жоголушуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын тийиштүүлүгү жөнүндө Турциянын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды четке кагуу боюнча иш жүргүзсүн;

      -мыйзамдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

      6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                      Т.Т. Мамытов