Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 23-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

23-06-2021
17:53

2021-жылдын 23-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.09.19дагы № 467 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К.,Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

3. “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү.,Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

4. “Аудитордук иш жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 166 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 167 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 168 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 186 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.04.21деги № 154 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Министрлер кабинетинин) 2021-жылдын 4-майындагы № 119-буйругу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4527-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., ТурсунбаевА.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

12 “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Рыспаев К.Дж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

14. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 17.02.20дагы № 84 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)