ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ
111-берене
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.
- Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелериндеги көз карандысыздыгын кепилдейт.
Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
112-берене
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкүлчүлүктүү органдардан жана аткаруу органдарынан турат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын жетекчилери өз иштеринде өкүлчүлүктүү органдарга отчёт беришет.
113-берене
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
- Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:
1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;
2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;
3) мыйзамдарда каралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.
114-берене
- Мамлекеттик органдар мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды берүү менен өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде өткөрүп берилиши мүмкүн. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчёт беришет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
- Мамлекеттик органдардын чечиминен келип чыккан жергиликтүү бюджеттин кошумча чыгымдарынын ордун толтурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына соттук коргоо кепилдиги берилет.
115-берене
- Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.
- Аксакалдар соттору иштерди мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына ылайык тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбеген адилет чечимдерди чыгаруу максатында карайт.
- Аксакалдар сотторунун чечимдери мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
- Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
- Аксакалдар сотторун түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгү мыйзам менен аныкталат.