2021-жылдын 10-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

10-03-2021 13:29

2021-жылдын 4-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген токтом долбоору:

 

1. “Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - токтом долбоору кабыл алынсын)

 

2021-жылдын 10-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

2. “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.20дагы № 398 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 511 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.20дагы № 593 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.12.20дагы № 611 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна

Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.20дагы № 642 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.11.20дагы № 575 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 250