Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 25-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

25-02-2021
16:53

1. “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.09.20дагы № 474 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А.,
Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин
чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жоруктар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 344 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.09.19дагы № 492 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.18деги № 543 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Жазык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4221-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)