Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 26-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

26-10-2016
15:27

2016-жылдын 20-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Лотереялар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.09.16дагы № 500 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)  

 

2. “Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 02.08.16дагы № 425 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)  

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Өмүрбекова А.С., Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Жеенчороев М.К., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Жапаров А.Υ., Рыспаев К.Ж., Икрамов Т.И., Арапбаев А.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)  

 

4. “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.06.16дагы № 331 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 360 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2016-жылдын 26-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

6. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Текебаев Ө.Ч., Шайназаров Т.У., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Султанбекова Ч.А., Шыкмаматов А.Н., Джакупова Ч.И., Масалиев И.А., Зулушев К.Т., Исакунова Т.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Никитенко Н.В., Мамашова А.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын) 

 

9. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын) 

 

10. “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 26.05.16дагы № 274 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)  

 

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.01.16дагы № 13 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жунус уулу Алтынбек, Бакиров М.И.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)