2016-жылдын 13-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Маданият жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 07.05.16дагы № 233 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
2. “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)
3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т.,Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек,Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
4. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек,Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
2016-жылдын 19-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
5. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Мамлекеттик башкарууну жана атаандашууга жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо боюнча программалык операцияны) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.09.16дагы № 492 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
6. “2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.08.16дагы № 441 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
7. “Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 476 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
8. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 367 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
9. “Париж шаарында 2016-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 368 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
10. “Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.06.16дагы № 340 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
11. “Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 304 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
12. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Исаев К.К., Бабанов Ө.Т. жана башкалар) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
13. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар
Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А. Аттокуров Д.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)
14. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Жарандык процесстик кодекске, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендер, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жана чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Аттокуров Д.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)