Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия
19:47 05 - август 2021

Үчүнчү бөлүм

11-06-2016
00:26

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 

I ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

 

66-берене

 

  1. Президент — мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт.
  2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат.
  3. Президент Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат.
  4. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
  5. Президент ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт.

 

67-берене

 

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
  2. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.

 

68-берене

 

  1. Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
  2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

69-берене

 

  1. Президент кызматына киришерде Кыргыз Республикасынын элине ант берет.
  2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.
  3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот.

 

70-берене

 

  1. Президент:

1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын  аныктайт;

2) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды кызматтан кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;

4) өзүнүн демилгеси же Жогорку Кенештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн  жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот;

5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка  дайындайт жана бошотот;

7) Президенттин Администрациясын түзөт;

8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт;

9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;

10) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кызматка дайындайт жана бошотот.

  1. Президент:

1) өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган тартипте жана учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

  1. Президент:

1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

2) мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

3) элге, Жогорку Кенешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт;

4) Жогорку Кенешке жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет;

5) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;

6) Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

  1. Президент:

1) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Сот адилеттиги иштери  боюнча кеңештин сунушу  боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;

5) Судьялар кенешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин  макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын  ичинен 5 жылдык мөөнөткө  Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордуна  дайындайт; Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотот;

6) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарларын дайындайт.

  1. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот;

2) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

3) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамынын жарымына талапкерлерди шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

5) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

  1. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкы жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коёт;

4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат.

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.
  2. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, кызматка дайындайт жана бошотот.
  3. Президент:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда өзгөчө абал киргизүү  жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу жаралганда согуштук абал жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

  1. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын ыйгарат;

2) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

3) ырайым кылууну жүзөгө ашырат.

  1. Президент Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

71-берене

 

Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана тескемелерди кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

 

72-берене

 

  1. Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
  2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калганда, Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

73-берене

 

  1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
  2. Президент төмөнкү негиздер боюнча кызматтан четтетилиши мүмкүн:

— Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;

— Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн.

  1. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек, ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.
  2. Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусунун негизинде Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.
  3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.

74-берене

 

  1. Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.
  2. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аткарат.
  3. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

75-берене

 

  1. Конституцияда белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген статуска ээ болушат.
  2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

 

II ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

 

76-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган.
  2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

  1. Жогорку Кенештин депутаты конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн.
  2. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат.

 

77-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.
  2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.
  3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат.
  4. Жогорку Кеңештин жаӊы шайланган депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

 

78-берене

 

  1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.
  2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигин мамлекеттик же муниципалдык башка кызмат менен айкалыштыра албайт. Ал ишкердикти жүзөгө ашырышы, коммерциялык уюмдун органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

 

79-берене

 

  1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.
  2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын бергенде;

2) жарандыктан чыкканда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) депутаттык мандатты чакыртып алганда;

4) башка ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

5) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде;

7) депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

8) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо;

10) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

11) депутат каза болгондо.

  1. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынган Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

 

80-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамдарга расмий чечмелөө берет;

4) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

6) Министрлер Кабинетинин Төрагасын,  анын орун басарларын жана  Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;

7) республикалык бюджетти бекитет;

8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчётун угат;

9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт;

10) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

  1. Жогорку Кенеш:

1) Президенттик шайлоону дайындайт;

2) Конституцияда каралган тартипте Президентке референдум өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Сот адилеттиги иштери боюнча кенештин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлайт; Конституцияда, конституциялык мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунуштамасы менен аларды кызмат ордунан бошотот;

2) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн Президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет;

3) конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, Президенттин сунуштамасы боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;

4) конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;

5) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотот;

6) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымын Президенттин сунуштамасы  боюнча, ал эми жарымын өзүнүн демилгеси менен шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;

7) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин Президенттин сунуштамасы, үчтөн экисин  өзүнүн демилгеси менен шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;

8) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

9) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

10) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

11) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык, согуш абалын киргизүү, согуштук абалды жарыялоо маселелерин чечет,  бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын,  мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын уюштурат.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угат;

3) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын  ар жылдык отчётторун угат.

  1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коёт; Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.
  2. Жогорку Кеңеш Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

81-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.
  2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коёт;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Элдик Курултай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке жыл сайын отчёт берет.

Жогорку Кеңештин Тѳрагасы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

 

82-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш депутаттардын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт.
  2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт.
  3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
  4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызмат орундарына дайындоо жана бошотуу тиешелүү комитеттердин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин жыйналышында жүргүзүлөт.

 

83-берене

 

  1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.
  2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык өткөрүлөт.
  3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.
  4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, укуктуу болот.
  5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат.

 

84-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
  2. Президент Жогорку Кеңеш таркатылган күндөн тартып беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

 

85-берене

 

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Президентке;

3) Жогорку Кеңештин депутаттарына;

4) Министрлер Кабинетинин Тѳрагасына;

5) өзүнө тиешелүү маселелер боюнча  Жогорку сотко;

6) Элдик Курултайга;

7) өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Башкы прокурорго.

 

86-берене

 

  1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.
  2. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.
  3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
  4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде Конституцияда башкача каралбаса, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

 

87-берене

 

  1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 жумушчу күндүн ичинде кол коюу үчүн Президентке жиберилет.
  2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коёт же өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кароого кайтарат.
  3. Эгерде каршы пикир менен кайтарылган мыйзам кайра каралганда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, келип түшкөн күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде мындай мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.

 

88-берене

 

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

III ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

 

89-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат.
  2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.

  1. Президент конституциялык мыйзамдын негизинде аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.
  2. Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.
  3. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.
  4. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт Жогорку Кенеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.

 

90-берене

 

  1. Министрлер Кабинети Төрагадан, Төраганын орун басарларынан жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнөн турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана  Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.

  1. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Конституцияга, конституциялык мыйзамга жана Президенттин жарлыктарына ылайык Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүн уюштурат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчилик тартат.

 

91-берене

 

  1. Министрлер Кабинети:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;

7) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди  жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

11) жарандык коом менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

12) Конституцияда жана мыйзамдарда өзүнө таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Министрлер Кабинетинин ишинин уюштурулушу жана тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

92-берене

 

  1. Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.
  2. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Кызматтан кетүүсү Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматтан кетүүсү жалпы Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт.

  1. Министрлер Кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы өз милдеттерин аткарууну улантат.
  2. Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүүсү Министрлер Кабинетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын токтотот.

 

93-берене

 

  1. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация жүзөгө ашырат.
  2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын уюштурулушу жана иши мыйзам менен аныкталат.
  3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.
  4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат.

 

IV ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

 

94-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат.

Мыйзамда каралган тартипте жана учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

  1. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.
  2. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайын өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

  1. Соттордун уюштурулушу жана иш тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

95-берене

 

  1. Судьялар көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.
  2. Судья кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт.
  3. Эч кимдин конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

  1. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.
  2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.

Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

  1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.
  2. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарлары Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунуштамасы боюнча Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

  1. 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, андан кийин курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагасын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

  1. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары үчүн белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

 

96-берене

 

  1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүш-турушу кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьянын кынтыксыздык талаптарды бузуусу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот.
  2. Жергиликтүү соттун судьясы кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Конституцияда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аталган негиздер боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан бошотуу Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кынтыксыз жүрүм-турумдун талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген судьялык жана укук коргоо органдарындагы кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

  1. Судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны конституциялык мыйзамга ылайык дайындаган орган тарабынан төмөндөгү негиздер келип чыккан күндөн баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

— судья каза болгондо;

— курагынын чегине жеткенде;

— өз ыктыяры менен кызматынан кеткенде же башка ишке которулганда;

— аны өлгөн же дайынсыз деп жарыялаганда;

— аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

— жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

— кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда.

  1. Судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.
  2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.
  3. Жергиликтүү соттун судьясын которууну (ротация) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.
  4. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
  5. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин уюштурулушу жана иши, ыйгарым укуктары жана түзүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

97-берене

 

  1. Конституциялык сот конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
  2. Конституциялык сот:

1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;

3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет;

4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечет;

5) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;

6) Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.

  1. Ар бир адам Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик актыларда бузулду деп эсептесе, алардын конституциялуулугун талашууга укуктуу.
  2. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
  3. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот чечимдерин кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

Конституциялык сот тарабынан мыйзам алдындагы актылардын же алардын бөлүктөрүнүн конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат.

  1. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот чечимдери ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.
  2. Конституциялык соттун курамы жана түзүү тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

98-берене

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот бийлигинин эң жогорку органы болуп саналат.
  2. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча мыйзамда аныкталган тартипте сот чечимдерин кайра кароону жүзөгө ашырат.
  3. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.
  4. Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

 

99-берене

 

  1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

  1. Сот тутумунун бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана республикалык бюджетке киргизилет.

 

100-берене

 

  1. Бардык соттордо иштерди териштирүү ачык жүзөгө ашырылат. Ишти жабык жыйналышта угууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.
  2. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.
  3. Сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.
  4. Сот чечимин жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле соттордун чечимдери менен укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар жактардын укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

101-берене

 

  1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
  2. Сот өзү кабыл алган сот чечимдеринин жана жеке аныктамаларынын аткарылышын контролдойт.
  3. Сот чечимдерин аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

102-берене

 

  1. Сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.
  2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Конституциялык сотко суроо-талапты жиберет.

 

103-берене

 

  1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.
  2. Кыргыз Республикасында судьялардын съезди, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын съезди соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

Судьялар кеңеши судьялардын съезддеринин ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат.

  1. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу жана иш тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

104-берене

 

Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.

 

V ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН СТАТУСУ БАР МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 

105-берене

 

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.

 

106-берене

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.

 

107-берене

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.

 

108-берене

 

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.

 

109-берене

 

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

 

110-берене

 

Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишинин уюштурулушу жана тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.