Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 13-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

14-10-2016
07:38

2016-жылдын 13-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.02.16дагы № 59 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Джакупова Ч.И., Жапаров А.Ү., Сулайманов А.Т., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Мамлекеттик башкарууну жана атаандашууга жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо боюнча программалык операцияны) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.09.16дагы № 492 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.08.16дагы № 441 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 476 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.08.16дагы № 467 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 474 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.16дагы № 416 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)