2020-жылдын 18-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

19-06-2020 10:24

1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гульнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Турсунбаев А.А., Тиллаев Т.Г., Алтынбеков А., Ормонов У.З.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 97 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 688 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2851-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 22.01.18деги № 42 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

6. “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 99 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 102 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 103 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “2019-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.03.20дагы № 162 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга)” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Райымкулов Б.К., Кыдыралиев У.Т., Примов У.Б., Мусабекова Ж.А., Турусбеков Б.С., Маматалиев М.А., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.19дагы № 622 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.01.20дагы № 7 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.01.20дагы № 41 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

14. “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.03.20дагы № 187 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

15. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.03.20дагы № 143 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

16. “Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.20дагы № 182 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

17. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Сурабалдиева Э.Ж., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Байбакпаев Э.Дж., Жээнбеков А.Ш.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

18. “2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо туралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.05.20дагы № 265 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

19. “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.20дагы № 179 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылысын)

 

20. “2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 133 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

21. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

22. “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

23. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жээнбеков А.Ш., Нурбаев А.М., Жоробеков Т.У., Дюшалиев А.К., Жапаров А.Ү., Зулпукаров Т.З., Келдибаев С.А., Тотонов Н.Т., Жунус уулу Алтынбек, Акаев Ж.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

24. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Жээнбеков А.Ш., Осмонова А.Ш., Исаева Д.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

25. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.04.20дагы № 206 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

26. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

27. “Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 10.06.20дагы № 325 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, бардык фракциялардын оң чечимдери болгондо – үч окууда кабыл алынсын; Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

28. “Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (экинчи окуу)

 

29. “Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (үчүнчү окуу)

 

30. “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 134 токтом) (442 б.)

 

31. “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 759