2020-жылдын 10-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

11-06-2020 09:49

1. “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 685 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.11.19дагы № 610 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Жапаров А.У., Гайпкулов И.Т., Айдаров С.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.02.19дагы № 82 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.12.19дагы № 673 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.19дагы № 658 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, “Жарнама жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.03.20дагы № 129 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022 – 2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

10. “Ысык-Көл областык мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтердин абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Мусабекова Ж.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 585