2020-жылдын 3-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

04-06-2020 10:10

2020-жылдын 28-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине, Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Касымалиева А.К., Строкова Е.Г., Рыспаев К.Ж., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Кыдыралиев У.Т., Райымкулов Б.К., Алтынбеков А., Джураев С.М., Алтыбаева А.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Жээнбеков А.Ш., Осмонова А.Ш., Исаева Д.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2020-жылдын 3-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

3. “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – депутат Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.04.20дагы № 195 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Исаева Д.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодекске, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодекске, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Исаева Д.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасында жаӊгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Джумабеков Д.А., Төрөбаев Б.Э., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Туманбаева Р.М., Эргешов А.М., Масабиров Т.А., Алтынбеков А., Жунус уулу Адыл) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.12.19дагы № 694 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Зулушев К.Т., Зулпукаров Т.З., Тулендыбаев П.Р., Ормонов У.З., Тагаев Э.С., Каримов Н.Т., Касымалиева А.К.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

11. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

12. “2020-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 704