2020-жылдын 28-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

28-05-2020 18:07

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.08.19дагы № 406 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Биоэтанол жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.18деги № 449 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Турсунбаев А.А., Тиллаев Т.Г., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А., Ормонов У.З.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) жана 2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.04.20дагы № 200 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 01.04.19дагы № 152 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 688 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.05.20дагы № 250 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

8. “2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 2-окуу

 

9. “2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  3-окуу

 

10. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Пирматов И.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – Мыйзам четке кагылсын)

 

11. “Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 366