Протокол № 50 11.03.2020-ж.

22-05-2020 12:18

  50

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

2019-2020-жылдар

 

 

 

2020-жылдын 11-марты                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

 Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар:  О.М.Артыкбаев, А.К.Дюшалиев, А.К.Касымалиева.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов

 

91 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.С.Молдобекова, С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев.

 

2020-жылдын 12-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун чыгып сүйлөгөн  депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  (2019-жылдын 17-декабрындагы №685 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.К.Кадырбеков, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.З.Зулпукаров, К.М.Жумалиев, А.М.Эргешов, К.Т.Зулушев, К.Б.Орозова,  К.С.Бокоев, Ж.А.Мусабекова, А.А.Аскарова, М.А.Маматалиев, А.Т.Сулайманов, Б.Ж.Субанбеков, У.Т.Кыдыралиев, Е.Г.Строкова, төрагалык кылуучу, депутаттар К.К.Иманалиев, А.Ү.Жапаров, И.А.Масалиев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат К.К.Иманалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            15 мүнөткө  тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 30 мүнөт

 

Жыйналышка  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

98 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө”    (2019-жылдын 11-ноябрындагы №640 токтому)  экинчи окууда; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (2019-жылдын 16-декабрындагы №680 токтому)  экинчи окууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча  комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун   сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иши жана этника аралык байланыштар мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиев, депутаттар Т.У.Жоробеков, Ж.К.Турускулов.

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат К.Ж.Рыспаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү  депутат К.Ж.Рыспаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иши жана этника аралык байланыштар мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиев, депутаттар К.Ж.Рыспаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, М.А.Маматалиев, Н.Т.Тотонов, Э.Ж.Сурабалдиева, О.М.Бакиров, И.Ш.Өмүркулов.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча  комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун   сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.К.Керезбеков, төрагалык кылуучу.

 

Депутат К.К.Керезбековдун жыйналыштын күн тартибине «Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү тууралуу» (М.Б.Тентимишов жана А.Ж.Түмөнов жөнүндө) маселени жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаарынын экс-седьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» 2019-жылдын 26-июнундагы №3162-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун киргизүү тууралуу сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы- жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.К.Касымалиева, Е.Г.Строкова, К.Ж.Рыспаев, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, У.Б.Примов, Т.Т.Мамытов, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов, А.Алтынбеков, С.М.Джураев, А.Алтыбаева  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине”)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи, депутат А.Ж.Исмаилованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Ж.Исмаилова-демилгечи, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ш.Бекматов, депутат Е.Г.Строкова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү  депутат Е.Г.Строкованын  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Ж.Исмаилова-демилгечи, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар А.М.Нурбаев, А.С.Токторов, А.Ү.Жапаров, Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутат А.Т.Мамашова.

 

1  саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров   төрагалык кылды.

 

64 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.К.Касымалиева, Е.Г.Строкова, К.Ж.Рыспаев, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, У.Б.Примов, Т.Т.Мамытов, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов, А.Алтынбеков, С.М.Джураев, А.Алтыбаева  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине”)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: демилгечи, депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ш.Бекматов, депутаттар К.Ш.Баймуратов,    А.Ж.Исмаилова-демилгечи, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар Н.В.Никитенко, Т.З.Зулпукаров, М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев, А.Ш.Осмонова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

            Чыгып сүйлөдү:  депутат К.К.Иманалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи  окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5.  “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги №159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

            Сунуш кылынган токтомдун долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары С.Э.Момунов, депутат Б.Ж.Субанбеков.

 

 

            Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

           

“Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

6.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Нышанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат С.К.Нышановдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.К.Ботобаев, демилгечи-депутат С.К.Нышанов,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев,  депутат Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу, депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.К.Есеналиев,  депутаттар Б.С.Турусбеков, И.Ш.Өмүркулов, Э.Т.Токтошев, К.С.Нурматов, Н.К.Алимбеков, М.Э.Сабиров, К.С.Бокоев.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, демилгечи-депутат С.К.Нышанов.

 

Депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Ушул мызам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү  боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи  окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев.

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантууну, мурда  каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүгө өтүү жөнүндөгү депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча жана төрагалык кылуучунун «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаарынын экс-седьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» 2019-жылдын 26-июнундагы №3162-V» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 90, каршы- жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

 

7. 2020-жылдын 11-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

112 депутат катталды.

 

 

“Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы- жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы- жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Добуш жарасыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы- жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы- жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине”)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

8. «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө» (М.Б Тентимишов жана  А.Ж. Түмөнов жөнүндө) маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе боюнча жана «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө»  2017-жылдын 21-декабрындагы №2098-VI» Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча  комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

             

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө»  2017-жылдын 21-декабрындагы №2098-VI» Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 104 каршы- жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д.Джумабеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 15