Протокол № 49 05.03.2020-ж.

22-05-2020 12:16

49

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

2019-2020-жылдар

 

 

 

2020-жылдын 5-марты                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

 Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар:  О.М.Артыкбаев, И.Т.Гайпкулов, Жунус уулу Алтынбек (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген),  Р.А.Казакбаев, И.И.Матраимов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.З.Зулпукаровго берилген),   М.Э.Сабиров.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

101 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 5-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы- жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, К.Б.Орозова, төрагалык кылуучу, депутат М.А.Маматалиев.

 

(Депутат К.Б.Орозованын 2020-жылдын 4-мартындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  берген добушу «каршы» деп эсептелинсин).

 

2020-жылдын 5-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Б.Ж.Субанбековдун, М.А.Маматалиевдин сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы- жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу Кыргызстандын бардык аялзатын Эл аралык аялдар күнүнө арналган майрам менен куттуктады.

 

2. Ар түрдүү

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, З.И.Жамалдинов, Т.Г.Тиллаев,  Э.С.Тагаев, Т.И.Икрамов, З.Э.Шарапов, Ж.А.Мусабекова, А.Ж.Акматов, У.З.Ормонов, К.Ж.Рыспаев, И.Ю.Карамушкина, М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутаттар Е.Г.Строкова, М.А.Маматалиев, Ж.К.Турускулов, Н.О.Сыдыгалиев, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, С.К.Нышанов, М.Э.Мавлянова.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.А.Карашев, Р.М.Туманбаева, Б.Ж.Субанбеков, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат  35 мүнөт

 

Жыйналышка  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

            104 депутат катталды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 14-октябрындагы №543 токтому)   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, З.Э.Шарапов тарабынан демилгеленген “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” (2019-жылдын 3-июнундагы №264 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 26-ноябрындагы №639 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 6-декабрындагы №665 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 16-декабрындагы №682 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, депутаттар Э.Т.Токтошев, Ж.К.Турускулов, П.Р.Тулендыбаев, Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбетова, депутаттар Т.А.Масабиров, У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 13-февралындагы №78 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоев, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутаттар М.А.Маматалиев, Э.Ж.Сурабалдиева, У.З.Ормонов, У.Т.Кыдыралиев, А.А.Аскарова, Т.З.Зулпукаров, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.Г.Тиллаев, К.Ш.Баймуратов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлү депутат Д.Б.Аттокуровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 10 мүнөт

 

Жыйналышка  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

            101 депутат катталды.

 

10. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Ушул токтом долбоору жана аны   кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны   кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча  комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин  сүйлөгөн сөзү.

           

            Чыгып сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик оппозициясынын өкүлчүлүгүнөн өз талапкерин чакыртып алуу тууралуу сүйлөдү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (2019-жылдын 20-ноябрындагы №613 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.С.Бейшеновдун сүйлөгөн сөзү.

           

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин  алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттигинин директорунун орун басары Касымалы уулу А,  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.С.Бейшенов, депутаттар М.А.Маматалиев, С.К.Нышанов, А.Артыков, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.В.Никитенко- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар М.И.Бакиров, А.М.Нурбаев, У.З.Ормонов, К.К.Иманалиев, И.А.Пирматов, А.Т.Сулайманов, И.Ш.Өмүркулов, У.Б.Примов.

 

            Депутат С.К.Нышановдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

            Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын  күн тартибинен алып салууну жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине кайтаруу тууралуу депутат А.Т.Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

            14. 2020-жылдын 4- жана 5-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

            108 депутат катталды.

 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 110, каршы- жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда  кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда    добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда    добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы- 2, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда    добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы- жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 90, каршы- жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                            Д.Джумабеков 



Көрүүлөрдүн саны : 21