Протокол № 48 04.03.2020-ж.

22-05-2020 12:15

48

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

2019-2020-жылдар

 

 

 

2020-жылдын 4-марты                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

 Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: М.А.Аманкулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Д.Д.Бекешевге берилген),  О.М.Артыкбаев, И.Т.Гайпкулов, Р.А.Казакбаев, И.И.Матраимов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.З.Зулпукаровго берилген),   М.Э.Сабиров.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

91 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 4-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 78, каршы- жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 91 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков.

 

2020-жылдын 4-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Б.Ж.Субанбековдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы- жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2020-жылдын март айындагы ишинин календардык планын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

3.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Субанбековдун сүйлөгөн сөзү. 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 20-ноябрындагы №614 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык  өнүгүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, депутаттар А.Ү. Жапаров,  К.С.Бокоев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  (2019-жылдын 27-августундагы №431 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров,  Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, П.Р.Тулендыбаев, Н.К.Макеев, И.Т.Гайпкулов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов, Б.Ү.Сыдыков, З.И.Жамалдинов, А.Т.Абжалиев, А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев, Д.Ш.Исаева  тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу жыйымдарын башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов, депутаттар А.Ү.Жапаров, М.А.Маматалиев, А.М.Нурбаев, Т.У.Жоробеков, Ч.А.Турсунбеков, Т.А.Масабиров, А.С.Токторов, М.И.Бакиров.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Төрагасынын орун басары  М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

64 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, П.Р.Тулендыбаев, Н.К.Макеев, И.Т.Гайпкулов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген Б.Ү.Сыдыков, З.И.Жамалдинов, А.Т.Абжалиев, А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешов, Д.Ш.Исаева  тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу жыйымдарын башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи окууда кароонун уландысы.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов,  депутаттар А.К.Касымалиева, М.К.Жеенчороев, А.С.Токторов, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү  төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы- 1, бардыгы 52 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов,  депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиев, депутаттар Д.Б.Аттокуров, Т.У.Жоробеков, А.Ү.Жоробеков, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңншинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- 1, бардыгы 69 депутат добуш берди, 93 депутат катталган

 

Чечим кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Т.Гайпкулов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү:  депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Д.Б.Аттокуров, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, А.Ү.Жапаров, У.З.Ормонов, Э.Т.Токтошев, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат  5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

113 депутат катталды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.Ү.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ч.А.Турсунбеков, Г.К.Асылбаева-демилгечи, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутаттар А.Б.Баатырбеков, Д.Б.Аттокуров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, А.М.Эргешов, Жунус уулу Алтынбек, Д.Б.Аттокуров, С.М.Джураев, К.Ш.Баймуратов, Жунус уулу Адыл, Р.Ч.Момбеков, У.З.Ормонов, Б.Ү.Сыдыков, Т.К.Конушбаев, К.М.Жумалиев, Ж.Б.Исаев, Н.Т.Тотонов, М.К.Жеенчороев, Е.Г.Строкова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Т.Т.Туманов,  депутаттар А.М.Нурбаев, Д.Д.Бекешев-демилгечи, М.А.Маматалиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Бөрүбаев,  Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматов, депутаттар Р.М.Туманбаева, Д.Б.Аттокуров, А.Алтынбеков, Ч.А.Турсунбеков, П.Р.Тулендыбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү  депутат П.Р.Тулендыбаевдин  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Н.В.Никитенко, Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев-демилгечи, М.А.Маматалиев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салууну жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетине кайтаруу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы- 2, бардыгы 91 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Т.У.Жоробеков.

 

10. 2020-жылдын 27-февралында жана 4-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

111 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы- жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 110, каршы- жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 110, каршы- жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы- жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы- 8, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы- 9, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

«Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 105, каршы- 1, бардыгы 106 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы- жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан  кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- 1, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109  депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан  кабыл алынды).

 

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу жыйымдарын башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы-2, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы- 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине,  Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы- 2, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 10-декабрындагы №673 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, депутат Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиев, депутаттар М.К.Жеенчороев, К.Б.Орозова, Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу парламенттик көпчүлүк Коалициянын жыйналышын жарыялады.

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” (2019-жылдын 30-декабрындагы №720 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору  К.Т.Жумакановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору  К.Т.Жумаканов, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, А.А.Карашев, К.Б.Орозова, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Б.Аттокуров, Э.Ж.Байбакпаев, Т.У.Жоробеков.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

13.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттары Д.Д.Бекешев, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, депутат Д.Д.Бекешев-демилгечи, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар А.Ж.Исмаилова, П.Р.Тулендыбаев, С.М.Джураев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин республикалык СПИД борборунун директору У.Ж.Чокморов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү Е.Ш.Строкованын   сүйлөгөн сөзү

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                            Д.Джумабеков 

 



Көрүүлөрдүн саны : 30