2020-жылдын 20-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

21-05-2020 08:56

1. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.02.20дагы № 78 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.19дагы № 660 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3.“2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 542 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.19дагы № 740 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.10.19дагы № 581 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 97 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.02.20дагы № 71 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8. “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.01.20дагы № 28 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М., Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл, Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б., Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Керезбеков К.К., Сулайманов А.Т., Өмүркулов И.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 134 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

12. “Саясий партиялар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Алимбеков Н.К., Бакиров М.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Баткен жана Жалал-Абад областтарында жүргөн сел ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 148