Протокол № 45 20.02.2020-ж.

24-04-2020 12:24

45

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

 

 

2020-жылдын  20-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын

орун басары

А.К.Касымалиева

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: А.Алтынбеков, О.М.Артыкбаев, М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, А.Ү. Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго  берилген), К.К.Иманалиев, К.К.Исаев, А.Маматов, И.Ш.Өмүркулов, Б.Э.Төрөбаев.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов,  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы О.Н.Опумбаев,  Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова,  Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Ж.Тердикбаев.

 

113 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 20-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -94, каршы-жок, бардыгы 94 депутат добуш берди, 113 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Т.Т.Мамытов, Г.К.Асылбаева, М.Э.Сабиров.

 

2020-жылдын 20-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар Т.Т.Мамытов,  Г.К.Асылбаеванын сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -100, каршы-жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 113 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.Г.Тиллаев, С.А.Келдибаев, Ж.А.Мусабекова, М.Э.Сабиров, И.Т.Гайпкулов, Т.З.Зулпукаров.

 

Депутат М.Э.Сабировдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Т.З.Зулпукаровдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

            3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиевдин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.К.Мадумаровдун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри З.М.Аскаровдун ант берүүлөрү.

 

            Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри З.М.Аскаров ант беришти.

 

4. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Ар түрдүү” маселенин уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар У.З.Ормонов, Б.К.Райымкулов.

 

Депутат У.З.Ормоновдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат К.Б.Орозова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Ата мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар З.И.Жамалдинов, Ж.К.Акаев.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

109 депутат катталды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”  (2018-жылдын 11-июнундагы №280 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө”  (2019-жылдын 12-декабрындагы №677 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.И.Сулейманов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, З.Э.Шарапов тарабынан демилгеленген “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар К.С.Бокоев, Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов,  Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев,  депутаттар К.Ш.Баймуратов, И.А.Масалиев, Н.В.Никитенко, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.А.Карашев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 26-ноябрындагы №639 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 5-декабрындагы №664 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, И.А.Пирматов-демилгечи,  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, депутат И.А.Масалиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулов, депутаттар А.А.Карашев,  П.Р.Тулендыбаев, С.А.Келдибаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну жазылган депутаттардан кийин токтотуу жөнүндөгү депутат С.А.Келдибаевдин сунушу боюнча  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -48, каршы-жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

71 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Э.Ж.Байбакпаев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин террористтерге каршы борборунун директору М.Э.Тургунбеков, депутаттар И.А.Пирматов-демилгечи, Н.Т.Каримов,  З.И.Жамалдинов, К.Ш.Баймуратов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну жазылган депутаттардан кийин токтотуу жөнүндөгү депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -73, каршы-1, бардыгы 74 депутат добуш берди, 89 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Т.У.Жоробеков, И.А.Пирматов-демилгечи, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, М.Э.Мавлянова, Э.Т.Токтошев, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, У.Б.Примов, М.Э.Сабиров, И.А.Масалиев, А.А.Турсунбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  Э.Ж.Байбакпаев, Б.С.Турусбеков, П.Р.Тулендыбаев, К.Ш.Баймуратов, А.К.Дюшалиев, А.Ж.Акматов, И.Т.Гайпкулов, А.М.Султанов, М.К.Жеенчороев, Б.Ж.Субанбеков, А.М.Эргешов, А.К.Назаров, И.И.Матраимов, А.Ж.Исмаилова, А.Ш.Жээнбеков, К.Ж.Рыспаев, Жунус уулу Адыл тарабынан демилгеленген “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө” жана  “Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Э.Ж.Байбакпаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.О.Узакбаев, Э.Ж.Байбакпаев-демилгечи,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Ж.Шерипов, депутат М.Э.Сабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.Ү.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине,  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат  Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ч.А.Турсунбеков, Г.К.Асылбаева-демилгечи,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова,  Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги К.А.Ысабеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

14. “Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна  өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

15. 2020-жылдын 20-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоору боюнча добуш берүү.

 

109 депутат катталды.

 

“2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы – 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы – жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы – жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы – жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы – жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине,  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Т.З.Зулпукаров.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине,  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна  өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы – жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                           А. Касымалиева



Көрүүлөрдүн саны : 23