Протокол № 42 12.02.2020-ж.

24-04-2020 12:09

 42

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 12-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), О.М.Артыкбаев, А.У.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

87 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 12-февралына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 81, каршы - жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Л.Юсуров, И.Ш.Омуркулов, Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу.

 

2020-жылдын 12-февралына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Ага 10 мүнөт убакытка чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү жөнүндө депутат А.Л.Юсуровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы - жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

       2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Л.Юсуровдун сөзү.

      

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 27-августундагы №431 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Э.А.Мамыркалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.М.Абиров, депутаттар М.А.Маматалиев, У.Б.Примов, А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармасынын начальнигинин орун басары Ы.К.Саркулов, депутаттар И.Ш.Омуркулов, Б.С.Турусбеков, А.А.Турсунбаев, Б.Э.Торобаев, А.А.Карашев, Т.А.Масабиров, А.Т.Алтыбаева, У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Д.Б.Аттокуров.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан даярдалган “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесиндеги бешинчи абзацын расмий чечмелөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо (четке кагуу).

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, Д.Д.Бекешев – демилгечи, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун четке кагуу үчүн добуш берүүгө киргизүүгө чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат Б.С.Турусбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбеков, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйналыштарын өткөрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына тыныгуу жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 1, бардыгы 73 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

            Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу.

           

            1 саатттык тыныгуу жарыяланды.

           

                                                                       12 саат 5 мүнөт

           

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

            65 депутат катталды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат К.С.Бокоев.

           

            Тыныгууну саат 14.00гө чейин узартуу жөнүндө депутат К.С.Бокоевдин сунушу боюнча добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 68, каршы - жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

       Тыныгуу жарыяланды.

 

                                                                  14 саат

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

            62 депутат катталды.

           

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

           

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, Б.С.Турусбеков – демилгечи, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар М.И.Бакиров, И.Т.Гайпкулов, А.Э.Самигуллина, З.И.Жамалдинов, Д.Д.Бекешев, Э.С.Тагаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Т.Гайпкулов, М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуш боюнча добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 26-ноябрындагы №640 токтом) “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областарынын айрым калктуу пункттарын айыл (кыштак) категориясына өткөрүү жөнүндө”; жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 16-декабрындагы №680 токтом) “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу пункттарын айыл (кыштак) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У.Салиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У.Салиев.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун кыскартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - 1, бардыгы 81 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У.Салиев, депутаттар И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар Р.М.Туманбаева, А.А.Аскарова, А.Алтынбеков, Н.Т.Тотонов, төрагалык кылуучу, депутат Г.К.Асылбаева.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги №1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова, депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу.

           

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

           

 

            8. 2020-жылдын 12-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

           

            113 депутат катталган.

           

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - 1, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

           

            “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесиндеги бешинчи абзацын расмий чечмелөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 3, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

           

            “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 15, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 11, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 16, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 26-ноябрындагы №640 токтом) “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областарынын айрым калктуу пункттарын айыл (кыштак) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 16-декабрындагы №680 токтом) “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу пункттарын айыл (кыштак) категориясына өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

9. “Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Мадумаров Акрам Камбаралиевичти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштоо жөнүндө” маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин сөзү.

 

Сүз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына талапкер А.К.Мадумаров, депутаттар Д.Д.Бекешев, Г.С.Молдобекова.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Г.С.Молдобекованын сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - 2, бардыгы 84 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына талапкер А.К.Мадумаров, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат Р.Ч.Момбеков.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                                             16 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

101 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Мадумаров Акрам Камбаралиевичти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштоо жөнүндө” маселени кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына талапкер А.К.Мадумаров, депутаттар К.Б.Орозова, М.А.Маматалиев, С.М.Джураев, К.С.Бокоев, М.Э.Мавлянова, Э.С.Тагаев, З.Э.Шарапов, А.А.Аскарова, А.Ш.Осмонова, Т.А.Масабиров, М.Ю.Абдылдаев, Т.З.Зулпукаров, А.А.Турсунбаев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына талапкер А.К.Мадумаров, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Т.Кыдыралиев, И.А.Масалиев, К.С.Бокоев, К.К.Иманалиев, М.И.Бакиров.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, М.К.Жээнчороев, төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоого А.К.Мадумаровдун талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жээнчороев, төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” (А.К.Мадумаров тууралуу) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - 1, бардыгы 98 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, төрагалык кылуучу, А.К.Мадумаров, депутат Д.Д.Бекешев.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги №1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 91, каршы - жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                         Д.А.Джумабеков.

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 32