2016-жылдын 6-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Макеев Н.К., Артыков А., Алимбеков Н.К., Шадиев А.А., Жапаров А.Ү., Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
2. “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.07.15теги № 442 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
3. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А.,
Өмүркулов И.Ш., Аманкулов М.А., Алтынбеков А., Акматов А.Ж., Бакиров М.И., Жунус уулу А., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Масабиров Т.А., Никитенко Н.В., Сыдыков Б.Ү., Султанбекова Ч.А., Строкова Е.Г.,
Чолпонбаев У.С., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Байбакпаев Э.Ж.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
4. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Узакбаев А.О., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З.,Бокоев К.С.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
2016-жылдын 12-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
5. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 31.05.16дагы № 283 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
6. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Текебаев Ө.Ч., Шайназаров Т.У., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
7. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
8. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Макеев Н.К., Мамашова А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
9. “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескɵɵ боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгɵртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.08.16дагы № 429 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)
10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Бокоев К.С., Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – каршы пикирге макулдук берилсин жана Мыйзам четке кагылсын)