2020-жылдын 1-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

02-04-2020 14:11

 

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.09.19дагы № 481 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору ( үчүнчү окууга киргизилет)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 23.03.20дагы № 175 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет караган)

 

4. “Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (жеткире иштелип чыккан вариант) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга)” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Гайпкулов И.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору ( экинчи окууга киргизилет)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору ( үчүнчү окууга киргизилет)

 

8. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына Аида Жекшенбаевна Исмаилованы дайындоого жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунушу (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет караган)

 

Баяндамачы: Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Премьер-министр

 

9. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызмат ордуна Сабиржан Токтосунович Абдикаримовду дайындоого жактыруу үчүн Премьер-министрдин сунуштамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет караган)

 

Баяндамачы: Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Премьер-министр



Көрүүлөрдүн саны : 396