2020-жылдын 11-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

11-03-2020 16:44

 

 

1. “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.19дагы № 685 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.11.19дагы № 640 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 680 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

6. “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине, Административдик-процесстик кодексине)” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Касымалиева А.К., Строкова Е.Г., Рыспаев К.Ж., Омуркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Кыдыралиев У.Т., Райымкулов Б.К., Алтынбеков А., Джураев С.М., Алтыбаева А.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

7. “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 247