2020-жылдын 5-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

06-03-2020 08:54

2020-жылдын 4-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.12.19дагы № 673 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

2. “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.19дагы № 720 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Турусбеков Б.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

2020-жылдын 5-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 543 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Маннанов И.А., Шарапов З.Э.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.06.19дагы № 264 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.11.19дагы № 639 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 06.12.19дагы № 665 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 682 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.02.20дагы № 78 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

12. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

13. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деӊгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деӊгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 137