2020-жылдын 4-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

04-03-2020 17:32

2020-жылдын 27-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.08.19дагы № 406 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.12.19дагы № 651 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндөМыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 04.12.19дагы № 660 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Райымкулов Б.К., Кыдыралиев У.Т., Примов У.Б., Мусабекова Ж.А., Турусбеков Б.С., Маматалиев М.А., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)

 

2020-жылдын 4-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

6. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.11.19дагы № 614 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.08.19дагы № 431 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарды башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Тулендыбаев П.Р., Макеев Н.К., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Сыдыков Б.У., Жамалдинов З.И., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга)” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Гайпкулов И.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине жана Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Жапаров А.Ү., Тулендыбаев П.Р., Гайпкулов И.Т., Икрамов Т.И., Арапбаев А.А., Примов У.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 542