2020-жылдын 6-февралындагы № 3534-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

21-02-2020 17:15

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жоробеков Тариел Улукбекович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

 

2. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Аскарова Айнура Алмасбековна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиянын курамына жиберилсин;

Жоробеков Тариел Улукбекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына жиберилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                        М.И. Бакиров



Көрүүлөрдүн саны : 275