Протокол № 39 30.01.2020-жыл

21-02-2020 17:35

 39

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

 

 

2020-жылдын 30-январы                                                  саат 9. 30

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, Д.Д.Бекешев, А.М.Маматов, С.К.Нышанов.

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

 

95 депутат каттоодон өттү.

 

1. 2020-жылдын 30-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 99 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

 

Депутат М.И.Бакиров менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдиновдун сунуштарын эске алып, 2020-жылдын 30-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 101 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Ж.Акматов, Н.Т.Каримов, А.А.Турсунбаев, Ж.А.Мусабекова, К.С.Бокоев, Е.Г.Строкова, Р.Ч.Момбеков, Ж.К.Турускулов, С.М.Джураев, К.Б.Орозова, Б.К.Райымкулов, П.Р.Тулендыбаев, И.Ю.Карамушкина, Т.У.Жоробеков, А.М.Эргешов, У.Т.Кыдыралиев, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, С.А.Келдибаев, Ж.К.Акаев, А.К.Касымалиева, Р.Н.Чойбеков, У.Б.Примов, А.А.Аскаров, З.И.Жамалдинов, Н.О.Сыдыгалиев, Т.У.Шайназаров, Э.С.Тагаев, К.С.Нурматов.

 

 

Депутат У.З.Ормоновдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Депутат А.А.Аскарованын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Депутат К.С.Нурматовдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 25

 

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

97 депутат каттоодон өттү.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 26-августундагы № 425 токтому) «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтому) «Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин орун басары М.Э.Тургунбековдун сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

 

 

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 26-ноябрындагы № 639 токтому) «2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутат У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. 2015-жылдын 6-августундагы № 17-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунда өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.О.Сыдыгалиев жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.Н.Чойбековдун сөзү.

 

 

«2015-жылдын 6-августундагы № 17-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунда өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.О.Сыдыгалиев жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 216