Протокол № 6 28.09.2016-жыл

06-10-2016 15:56

 

 

 

 

6

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2016-жылдын  28-сентябры                                           9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Т.Абжалиев, Н.К.Алимбеков, М.И.Бакиров, Д.Ш.Исаева, И.И.Матраимов, Ж.А.Мусабекова, К.У.Сатыбалдиев  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), И.Ш.Өмүркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), Ө.Ч.Текебаев, Б.Э.Төрөбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат З.И.Жамалдиновго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

108 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -89, каршы-жок, бардыгы 89 депутат добуш берди.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутаттар М.К.Жеенчороев, Т.З.Зулпукаров, М.Ю.Абдылдаев, төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу.

 

2016-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” (2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -82, каршы-2, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов,  депутат М.А.Исаков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, депутаттар З.И.Жамалдинов, О.М.Артыкбаев, А.С.Өмүрбекова, М.К.Жеенчороев,  Н.К.Макеев-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, М.А.Исаков,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров.

 

Депутат Т.З.Зулпукаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -46, каршы-26, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынган жок.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” (2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов,  депутат У.З.Ормонов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Депутаттар С.Шер-Нияз, Шыкмаматов А.Н., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Бекешев Д.Д., Скрипкина Г.А., Иманалиев К.К. тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -77, каршы-1, бардыгы 78 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар О.М.Артыкбаев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, мыйзам долбоорунун демилгечилери-депутаттар С.Шер-Нияз, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Т.Т.Казаков, депутат А.К.Назаров.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  (2016-жылдын 7-июнундагы №305 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү:  депутат А.А.Арапбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -58, каршы-1, бардыгы 59 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

100 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  (2016-жылдын 7-июнундагы №305 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутаттар У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, Т.А.Масабиров, М.К.Жеенчороев, Д.Б.Аттокуров, Д.А.Жумабеков, А.Ү.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү А.О.Узакбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Илим жөнүндө” (2016-жылдын 20-июлундагы №407 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.А.Муратовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -69, каршы-1, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.А.Муратов, депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин статс-секретары З.Э.Баяманов, депутаттар А.Э.Самигуллина, А.Ү.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, Д.А.Жумабеков, Э.Токтошев, З.И.Жамалдинов, Н.В.Никитенко, К.М.Жумалиев.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңещинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти А.А.Бөрүбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.А.Муратов, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы А.С.Мавлянов, депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин статс-катчысы З.Э.Баяманова, төрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

87 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Илим жөнүндө” (2016-жылдын 20-июлундагы №407 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.А.Исаков, О.М.Артыкбаев, И.А.Кадыркулов, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин статс-катчысы З.Э.Баяманова, депутаттар А.Т.Алтыбаева,  К.М.Жумалиев.

 

Ушул мыйзам  долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Акаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 14-июлундагы №394 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.А.Муратовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -58, каршы-2, бардыгы 60 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Э.Самигуллина, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти А.А.Бөрүбаев, депутаттар Т.Г.Тиллаев, К.М.Жумалиев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы А.С.Мавлянов, депутаттар У.Б.Примов, Т.И.Икрамов, Ж.К.Акаев, И.А.Кадыркулов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.А.Муратов, депутат О.М.Артыкбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, К.М.Жумалиев, А.Ү.Жапаров, Т.И.Икрамов, Д.А.Жумабеков, О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти А.А.Бөрүбаев.

 

Ушул мыйзам  долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Акаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2016-жылдын 22-июнундагы №345 токтому), депутаттар Турсунбеков Ч.А., Акаев Ж.К., Кулбараков А.И. тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Акаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат А.Ү.Жапаров.

 

Ушул мыйзам  долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Акаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. 2016-жылдын 28-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

102 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -101, каршы-жок, бардыгы 101 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -100, каршы-1, бардыгы 101 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -100, каршы-жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -50, каршы-49, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 “Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -50, каршы-49, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 “Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -51, каршы-48, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -98, каршы-1, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2016-жылдын 22-июнундагы №345 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Депутаттар Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Акаев, А.И.Кулбараков тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -96, каршы-3, бардыгы 99 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

          Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                         Ч. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 3844