Протокол № 38 29.01.2020-жыл

21-02-2020 17:33

 38

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 29-январы                                                                   9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, Д.Д.Бекешев, А.М.Маматов, С.К.Нышанов.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

96 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 29-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Торобаев, К.Ж.Жолдошбаев.

 

2020-жылдын 29-январындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун толук кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.А.Арапбаев.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
25-октябрындагы №498 токтом) “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
17-сентябрындагы №483 токтом)
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
20-ноябрындагы №614 токтом)
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова, төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, А.С.Токторов, Р.А.Казакбаев, Т.З.Зулпукаров, Э.Т.Токтошев.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

Сөз сүйлөдү: депутат Ж.А.Мусабекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар У.З.Ормонов, У.Б.Примов, Ж.К.Турускулов, К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова.

      

       15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

      

                                                      11 саат 30 мүнөт

      

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

        

75 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
20-ноябрындагы №614 токтом)
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону улантуу.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова, депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

Депутат Т.З.Зулпукаровдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.У.Шайназаров, Б.У.Сыдыков, Э.Т.Токтошев демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун жана “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Т.У.Шайназаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Токторов, “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин төрагасы Э.Б.Барыктабасова, депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.У.Шайназаров – демилгечилердин бири, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутаттар А.Ж.Акматов, У.Т.Кыдыралиев, А.А.Карашев, А.Т.Алтыбаева, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу эксперти А.А.Айылчиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
1-октябрындагы №512 токтом) “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
9-октябрындагы №531 токтом) Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сунуш кылынган долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.И.Садырованын сөзү.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылынган долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Н.М.Асанованын сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылынган долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Департаменттин директору К.М.Капалованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутаттар А.М.Нурбаев, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.И.Садырова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Н.М.Асанова, депутат Г.С.Молдобекова.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу, жыйналыштын күн тартибиндеги маселелердин баары каралып бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жана мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү жол-жобосу тууралуу депутат Г.С.Молдобекованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - 4, бардыгы 70 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Т.У.Калиева, депутаттар А.А.Карашев, У.Т.Кыдыралиев, К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.Керезбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, А.Ж.Исмаилова, Д.Д.Бекешев, Е.Г.Строкова, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов, Н.Т.Каримов, С.М.Джураев, А.И.Кулбараков, О.М.Бакиров, М.Б.Эгембердиев, И.А.Маннанов, К.К.Керезбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, А.М.Нурбаев – демилгечилердин бири, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, төрагалык кылуучу, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Р.Р.Карасартова, депутаттар А.Ш.Осмонова, А.Т.Алтыбаева, У.Т.Кыдыралиев, Э.Ж.Сурабалдиев.

 

Депутат К.С.Бокоевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

102 депутат катталды.

 

 

8. 2020-жылдын 29-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы -жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды). .

 

 

“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы -жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды). .

 

 

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы -жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим жараксыз деп табылды.

 

 

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы -жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.У.Шайназаров, Б.У.Сыдыков, Э.Т.Токтошев демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 1, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Конституциялык Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 1, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
1-октябрындагы №512 токтом) “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 3, бардыгы 101 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим жараксыз деп табылды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
1-октябрындагы №512 токтом) “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - 3, бардыгы 100 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим жараксыз деп табылды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
1-октябрындагы №512 токтом) “Кыргыз Республикасындагы судьялардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 99, каршы - 3, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - 5, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 2, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                                         Д.А.Джумабеков.

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 70