Протокол № 37 23.01.2020-жыл

21-02-2020 17:32

37

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

 

2020-жылдын  23-январы                                                                    9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: О.М.Артыкбаев.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

87 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 23-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -70, каршы-жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Б.Баатырбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2020-жылдын 23-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат А.Баатырбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -78, каршы-жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Жунус уулу Алтынбек, Б.С.Турусбеков, О.А.Алыбаев, Г.К.Асылбаева, З.И.Жамалдинов,  П.Р.Тулендыбаев, Д.Г.Төрөкулов, Ж.А.Мусабекова, Т.Г.Тиллаев, Д.Д.Бекешев, Т.З.Зулпукаров, З.Э.Шарапов, Н.Т.Тотонов, С.К.Нышанов, У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, И.Ш.Өмүркулов, О.М.Бакиров, Р.Ч.Момбеков, Е.Г.Строкова, А.А.Карашев, М.И.Бакиров, А.Ж.Исмаилова, К.Б.Орозова, А.М.Эргешов, Т.А.Масабиров, Н.В.Никитенко, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат У.З.Ормоновдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Т.З.Зулпукаровдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат О.М.Бакировдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

105 депутат катталды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) (2019-жылдын 30-июлундагы №380 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жерди өнүктүрүү, үрөнчүлүк жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутаттар О.А.Алыбаев, Э.Ж.Байбакпаев, Т.К.Конушбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”  (2018-жылдын 11-июнундагы №280 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин С, депутат М.Э.Мавлянова,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары А.С.Исаев, депутаттар А.Ш.Осмонова, П.Р.Тулендыбаев, А.С.Токторов, Э.Ж.Байбакпаев, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар А.А.Карашев, А.Т.Алтыбаева, Т.К.Конушбаев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 6-декабрындагы №665 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу  М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборунун директору А.Ш.Сарыбаев, депутаттар С.К.Нышанов, М.К.Жеенчороев, Т.У.Жоробеков, К.Ш.Баймуратов, А.А.Аскарова, А.Ш.Осмонова.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 15 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

81 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” (2019-жылдын 6-декабрындагы №665 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну жазылган депутаттардан кийин токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -66, каршы-3, бардыгы 69 депутат добуш берди, 90 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборунун директору А.Ш.Сарыбаев, депутаттар А.С.Токторов, Т.А.Масабиров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия Улуттук борборунун директору А.Ш.Сарыбаев, депутаттар А.М.Эргешов, У.Б.Примов, У.З.Ормонов, И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.С.Токторов, И.А.Масалиев, Е.Г.Строкова,А.Ж.Исмаилова.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат И.А.Пирматовдун сүйлөгөн  сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын  коргоо иши боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев, депутаттар И.А.Пирматов-демилгечи, А.С.Токторов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоору добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. 2020-жылдын 23-январында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

111 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим  жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим  жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы – 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 99, каршы – 13, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев.

 

(“2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча депутат И.А.Масалиевдин добушу “каршы” деп эсептелинсин).

 

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим жараксыз деп табылды.

 

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы – 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим жараксыз деп табылды.

 

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы – 2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Аскарова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы – 1, бардыгы 110, депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жѳнүндѳ” маселени кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жыйналыштын ишин жабык  улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 99, каршы – 1, бардыгы 100, депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыш андан ары жабык  өтүүдө.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 78