Протокол № 36 22.01.2020-жыл

21-02-2020 17:32

   36

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 22-январы                                                                   9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

103 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 22-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 4, каршы - жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар З.Э.Шарапов, Т.У.Жоробеков, Б.Э.Торобаев, Ж.К.Акаев.

 

Депутат Т.У.Жоробековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат З.Э.Шараповдун сунушун эске алуу менен 2020-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 91, каршы - жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 22-октябрындагы №564 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутаттар А.У.Жапаров, Р.А.Казакбаев, К.Т.Зулушев, Т.А.Масабиров.

      

       Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат А.У.Жапаров, төрагалык кылуучу.

      

       Депутат А.У.Жапаровдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

      

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

      

       Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

      

       3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Толонов, А.К.Назаров, К.Т.Зулушев, У.Б.Примов, Р.Н.Чойбеков, Т.Г.Тиллаев, А.Ш.Жээнбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржалык соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

      

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Т.Гайпкулов демилгелеген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (атайын жөндөө режимин түзүү бөлүгүндө) (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат И.Т.Гайпкуловдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Г.К.Асылбаева, демилгечи – И.Т.Гайпкулов, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Д.Бекешев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Б.С.Турусбеков, У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

                                             11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

109 депутат катталды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 19-ноябрындагы №610 токтом) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары К.М.Арпачиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары К.М.Арпачиев, депутаттар Б.С.Турусбеков, Т.А.Масабиров, Т.А.Жоробеков, Д.Г.Торокулов, А.Т.Алтыбаева, У.Т.Кыдыралиев, А.А.Турсунбаев, А.Ш.Осмонова, А.С.Токторов, А.У.Жапаров.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майып адамдарды тарбиялоо маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.С.Токторов, Д.Д.Бекешев – демилгечи, А.У.Жапаров, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Джусупбекова, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары А.К.Солтонбекова, Бишкек шаарынын вице-мэри Т.А.Кузнецова, депутат Т.К.Конушбаев.

 

Жыйналыштын күн тартибиндеги бардык маселелер жана мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү жол-жобосу бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Б.С.Турусбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 64, каршы - жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешев – демилгечи, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Джусупбекова, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар А.А.Аскарова, Р.А.Казакбаев, З.Э.Шарапов, Н.В.Никитенко, Ж.А.Мусабекова, А.К.Дюшалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары А.К.Солтонбекова, депутат А.М.Эргешов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, З.Э.Шарапов демилгелеген “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

106 депутат катталды.

 

 

  8. 2020-жылдын 22-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржалык соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Т.Гайпкулов демилгелеген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (атайын жөндөө режимин түзүү бөлүгүндө) (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Т.Гайпкулов демилгелеген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (атайын жөндөө режимин түзүү бөлүгүндө) (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майып адамдарды тарбиялоо маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                         Д.А.Джумабеков.

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 103