Протокол № 35 16.01.2020-жыл

21-02-2020 17:30

35

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

 

 

2020-жылдын 16-январы                                                  9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.К.Иманалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген), С.Шер-Нияз (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген).

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

82 депутат каттоодон өттү.

 

1. 2020-жылдын 16-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 86 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров.

 

 

Депутат М.И.Бакировдун сунушун эске алуу менен 2020-жылдын 16-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

2. Ар кандай маселелер.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Ж.А.Мусабекова, И.Ю.Карамушкина, М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, П.Р.Тулендыбаев, Т.К.Конушбаев, А.М.Эргешов, Ж.К.Турускулов, Б.Э.Торобаев, К.Б.Орозова, С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ж.Акматов, У.З.Ормонов.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Р.М.Туманбаева, Т.А.Масабиров.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева, З.И.Жамалдинов, Н.В.Никитенко, И.Ш.Омуркулов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, М.А.Аманкулов, К.С.Нурматов, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.Дж.Рыспаев.

 

 

 

Депутат К.Дж.Рыспаевдин пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат С.К.Нышановдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат А.Ж.Акматовдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат У.З.Ормоновдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат К.Дж.Рыспаевдин пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Бюджет жана финансы боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

 

Саат 11. 30

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

104 депутат каттоодон өттү.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 6-сентябрындагы № 457 токтому) «Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы К.М.Адиев.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 11-июнундагы № 280 токтому) «2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары К.Абдыбалы тегин, депутат А.А.Карашев , Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары А.С.Исаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары С.Абдыбалы тегин, төрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Артыков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, К.Ш.Баймуратов, О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Т.Т.Мамытов.

 

 

 

Депутат М.И.Бакировдун сунушу боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – 2, бардыгы 64 депутат добуш берди, 105 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 17-сентябрындагы № 483 токтому) «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Б.А.Аданбаев.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 27-августундагы № 431 токтому) «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошев, депутаттар Д.Д.Бекешев, К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.М.Абиров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ы.К.Саркулов, депутаттар Б.С.Турусбеков, М.К.Жеенчороев, Т.К.Конушбаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди кароону аягына чыкканга чейин тыныгуу жарыялабастан жыйналыштын ишин улантуу жана мурда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү жол-жоболору, жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 111 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.М.Абиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошев, депутаттар Т.А.Масабиров, Т.У.Жоробеков, М.К.Жеенчороев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 3-июнундагы № 264 токтому) «2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев, депутаттар Д.Б.Аттокуров, У.Т.Кыдыралиев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо (улантуу).

 

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү А.О.Узакбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. 2020-жылдын 15 жана 16-январында каралган мыйзам долбоорлор жана токтом долбоорлор боюнча добуш берүү.

 

 

108 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 105, каршы – 2, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 107, каршы – жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 107 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 82