2020-жылдын 20-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

20-02-2020 16:24

 

 

1. 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралууМыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 11.06.18деги № 280 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.12.19дагы № 677 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Маннанов И.А., Шарапов З.Э.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.11.19дагы № 639 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.12.19дагы № 664 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8. “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Турусбеков Б.С., Тулендыбаев П.Р., Баймуратов К.Ш., Дюшалиев А.К., Акматов А.Ж., Гайпкулов И.Т., Султанов А.М., Жеенчороев М.К., Субанбеков Б.Ж., Эргешов А.М., Назаров А.К., Матраимов И.И., Исмаилова А.Ж., Жээнбеков А.Ш., Рыспаев К.Ж., Жунус уулу Адыл) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9. “Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Тулендыбаев П.Р., Баймуратов К.Ш., Мамытов Т.Т., Торокулов Д.Г., Токтошев Э.Т., Жээнбеков А.Ш., Рыспаев К.Ж., Жунус уулу Адыл) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине, Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Жапаров А.Ү., Тулендыбаев П.Р., Гайпкулов И.Т., Икрамов Т.И., Арапбаев А.А., Примов У.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 416