2020-жылдын 13-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

13-02-2020 16:42

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.07.19дагы № 380 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.12.19дагы № 665 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Исаева Д.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодекске, Үйбүлө кодексине, Балдар жөнүндө кодекске, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Исаева Д.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5.2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда Аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралууМыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.12.19дагы № 663 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.12.19дагы № 651 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы №3528-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Жапаров А.Ү., Жетигенов Б.Ж., Зулпукаров Т.З., Юсуров А.Л., Маматалиев М.А., Абжалиев А.Т., Сулайманов А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 507