2020-жылдын 6-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

06-02-2020 16:57

 

 

1. “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.06.19дагы № 319 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.06.19дагы № 264 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3.“2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.12.19дагы № 677 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.12.19дагы № 682 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 437