Протокол № 33 26.12.2019-жыл

27-01-2020 16:01

33

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2019-жылдын 26-декабры                                                                  9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: О.М.Артыкбаев.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

84 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.М.Эргешов.

 

1. 2019-жылдын 26-декабрына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 83, каршы - жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 94 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

                       

Сөз сүйлөдү: депутаттар Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев, К.Дж.Рыспаев, М.А.Маматалиев, Т.И.Икрамов, З.И.Жамалдинов, Э.Т.Токтошев, А.Ж.Исмаилова, Е.Г.Строкова, Ч.А.Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Сөз сүйлөгөн депутаттардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 26-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 2, бардыгы 100 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2019-жылдын 26-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинен “Ар кандай” маселелерди чыгарып салуу жөнүндө депутат А.М.Эргешовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - 18, бардыгы 80 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. “2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 13-ноябрындагы №603 токтом), “Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Европа бирлиги тарабынан инвестициялык грант катары берилүүчү Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

3. “2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 13-ноябрындагы №604 токтом), 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Европа Бирлиги тарабынан инвестициялык грант катары берилүүчү Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 15-ноябрындагы №607 токтом), “2019-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы “Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, З.Э.Шарапов – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары С.Абдыбалы тегин.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 16-октябрындагы №551 токтом), “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү, депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 22-октябрындагы №564 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
12-октябрындагы №677 токтом)
“2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, депутат Т.У.Жоробеков, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Т.М.Толубаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.Т.Тотонов, М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары С.Абдыбалы тегин, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” Ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы А.К.Назаров, депутаттар У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, Э.Т.Токтошев, Т.А.Масабиров.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.А.Масабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Б.Бекешев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары С.Абдыбалы тегин, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” Ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы А.К.Назаров, төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

                                             11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

90 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары жана энчилүү сааттары, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ( КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) ордендери жана медалдары менен сыйлоо.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
12-октябрындагы №677 токтом) “2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароону улантуу.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.Н. Чойбеков, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” Ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы А.К.Назаров, депутат Н.Т.Тотонов, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, депутаттар У.З.Ормонов, Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары С.Абдыбалы тегин, депутаттар К.Б.Орозова, А.К.Касымалиева, Б.С.Турусбеков, Ч.А.Турсунбеков.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, Э.Дж.Байбакпаев, төрагалык кылуучу, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” Ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат Н.Т.Тотоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 25, каршы - 27, бардыгы 52 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
15-ноябрындагы №606 токтом) “2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева менен А.У.Жапаровду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааттары менен сыйлоо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Каругованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Каругова, депутаттар А.А.Карашев, Д.Д.Бекешев, Б.С.Турусбеков, А.Ш.Осмонова.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечимдери болгондуктан – үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген “Жарандарды каттоону эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.А.Пирматов, Т.Г.Тиллаев.

 

Бардык маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине кошуу жөнүндө депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу тууралуу депутат И.А.Пирматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Пирматов.

 

Бардык маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине кошуу жөнүндө депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу тууралуу депутат И.А.Пирматовдун сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

9. “Элдик демилгени колдоп чогултууда кол чогултуу тартибин сактоо, кол коюлган барактарды жол-жоболоштуруу, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын койгон колдорунун аныктыгы жөнүндө текшерүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору туураалуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, А.Т.Алтыбаева, Г.К.Асылбаева, А.У.Жапаров.

 

Каралып жаткан токтом долбоорун күн тартибинен чыгаруу жөнүндө депутаттар Д.Д.Бекешев жана Ч.А.Турсунбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 26, каршы - 7, бардыгы 33 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө демилгечи – депутат М.А.Маматалиевдин сөзү.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору боюнча көрмөбетачар болду.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Дж.Шерипов, депутаттар М.А.Маматалиев-демилгечи, И.Ш.Омуркулов, Ж.К.Акаев, К.К.Иманалиев, У.Т.Кыдыралиев, А.У.Жапаров, К.Жолдошбаев, А.Т.Мамашова, К.С.Нурматов, Бишкек шаарынын вице-мэри М.К.Амантуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Каралып жаткан токтом долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алууга өтүү жөнүндө депутат И.А.Пирматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.А.Масабиров, А.А.Карашев.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлү А.О.Узакбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ш.Осмонова.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы №3228-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо. (Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Т.И.Икрамов, Г.С.Молдобекова, С.А.Айдаров, Д.Д.Бекешев, Б.У.Сыдыков, Б.Ж.Субанбеков, У.Б.Примов, Д.Ш.Исаева, Ж.А.Мусабеков, А.Т.Абжалиев).

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.К.Байдылдаеванын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

12. “Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин жайылтуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө коомдук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаевдин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин жайылтуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаевдин отчету.

 

Токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин өкүлү Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Т.Г.Тиллаев.

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 90, каршы - 1, бардыгы 91 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Касымалиева.

 

111 депутат катталды.

 

 

13. 2019-жылдын 19, 25 жана 26-декабырнда каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржалык соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда” кабыл алынды).

 

“Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам четке кагылды).

 

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

       “2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Европа бирлиги тарабынан инвестициялык грант катары берилген гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Европа Бирлиги тарабынан инвестициялык грант берилген гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы “Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

2019-жылдын 5-декабрындагы № 3402-VI “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды).

 

“Жарандарды каттоону эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы №3228-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 4, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Элдик демилгени колдоп чогултууда кол чогултуу тартибин сактоо, кол коюлган барактарды жол-жоболоштуруу, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын койгон колдорунун аныктыгы жөнүндө текшерүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин жайылтуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө коомдук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаевдин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                                         Д.А.Джумабеков.

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 149