Протокол № 31 19.12.2019-жыл

27-01-2020 15:58

 31

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

 

 

2019-жылдын 19-декабры                                                9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

А.К.Касымалиева

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, С.А.Айдаров, Д.А.Джумабеков, К.К.Исаев, И.А.Маннанов, К.Б.Орозова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.А.Карашевге берилген), Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Р.Н.Чойбеков, Т.У.Шайназаров, С.Шер-Нияз.

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

88 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 19-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат З.И.Жамалдинов.

 

 

 

Депутат Т.Т.Мамытовдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 19-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

2. Ар кандай маселелер.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар З.И.Жамалдинов, Т.У.Жоробеков, Д.Д.Бекешев, И.Ш.Омуркулов, А.А.Турсунбаев, У.Б.Примов, М.А.Маматалиев, А.А.Аскаров, К.Ш.Баймуратов, Ч.А.Турсунбеков, К.Дж.Рыспаев, А.К.Дюшалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар П.Р.Тулендыбаев, А.Ж.Акматов, Б.Ж.Субанбеков, Б.С.Турусбеков, А.А.Карашев, Э.Т.Токтошев, Т.И.Икрамов, Ж.А.Мусабекова, Н.Т.Тотонов, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Исмаилова, Э.Дж.Байбакпаев, М.Э.Сабиров, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Депутат Д.Д.Бекешевдин пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

 

Саат 11. 20

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

91 депутат каттоодон өттү.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 24-октябрындагы № 574 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбеков, депутат К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков, Г.С.Молдобекова.

 

 

Депутат Г.С.Молдобекованын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 91 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.А.Масалиев, С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутаттар А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы - К.К.Керезбеков, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т.Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кыдыралиев, З.И.Жамалдинов.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу, бардык парламенттик фракцияларынын оң чечимдери болсо – экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

4. 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI «Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 30-сентябрындагы № 509 токтому) «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.С.Бокоев. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар Б.С.Турусбеков, Э.Ж.Сурабалдиева, А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, А.Ү.Жапаров, З.И.Жамалдинов.

 

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 33, каршы – 1, бардыгы 34 депутат добуш берди, 100 депутат катталды.

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14. 05

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

64 депутат каттоодон өттү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 30-сентябрындагы № 509 токтому) «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутаттар Е.Г.Строкова, И.Ш.Омуркулов, М.К.Жеенчороев, А.А.Карашев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Б.Примов.

 

 

Депутат У.Б.Примовдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген үчүнчү окуудагы (2019-жылдын 24-октябрындагы № 571 токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» жана экинчи окуудагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 22-ноябрындагы № 626 токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча суроо-жооп менен талкуу жол-жоболорун бир өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 42, каршы – 1, бардыгы 43 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген үчүнчү окуудагы (2019-жылдын 24-октябрындагы № 571 токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» жана экинчи окуудагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 22-ноябрындагы № 626 токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов, депутат К.Б.Орозова.

 

 

Депутат К.Б.Орозованын сунушу боюнча ага 10 мүнөт убакыт сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 83 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 3, бардыгы 51 депутат добуш берди, 83 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары А.М.Калыков, депутаттар Г.С.Молдобекова, К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар А.М.Маматов, А.А.Карашев, П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар Н.Т.Тотонов, М.К.Жеенчороев, К.Т.Зулушев, А.С.Токторов, Ч.А.Турсунбеков, Т.З.Зулпукаров, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Мамашова.

 

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби боюнча каралып жаткан бардык маселелерди аягына чыкканга чейин тыныгуу жарыялабастан жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы – 2, бардыгы 53 депутат добуш берди, 99 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Орозованын сөзү.

 

 

 

8. 2019-жылдын 18 жана 19-декабрында каралган мыйзам долбоорлору менен токтом долбооруна добуш берүү.

 

 

100 депутат катталды.

 

 

«Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Бишкек шаарында 2019-жылдын 10-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – 1, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 31, бардыгы 92 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим жараксыз деп таанылды.

 

 

«Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда четке кагуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – 37, бардыгы 94 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим жараксыз деп таанылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда четке кагуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 30, бардыгы 100 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим жараксыз деп таанылды.

 

 

«Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда четке кагуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 30, бардыгы 97 депутат добуш берди, 100 депутат катталды.

 

Чечим жараксыз деп таанылды.

 

 

«Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда четке кагуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – 28, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 4, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы – жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы – жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 92, каршы – 3, бардыгы 95 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – 2, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 92, каршы – 3, бардыгы 95 депутат добуш берди, 98 депутат катталды.

 

Чечим жараксыз деп таанылды.

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 3, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат катталды.

 

Чечими кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

Депутат И.А.Масалиевдин жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча токтом долбооруна добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 20, каршы – 35, бардыгы 55 депутат добуш берди, 97 депутат катталды.

 

Чечими кабыл алынган жок.

 

 

«2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI «Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 97 депутат катталды.

 

Чечими кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 25-сентябрындагы № 498 токтому) «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Н.К.Алишеров.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Н.К.Алишеров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлк башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Б.А.Алиев, депутат Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.С.Турусбеков, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги А.С.Шамеев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.Ш.Осмонова, О.А.Алыбаев, А.Ү.Жапаров, И.Т.Гайпкулов, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгелечилердин бири – депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Д.Бекешев – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Б.С.Турусбеков, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Б.А.Джусупбеков, депутат А.А.Аскарова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алда канча  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                             А.К.Касымалиева

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 129