Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия
20:10 05 - август 2021

Экинчи бөлүм

11-06-2016
00:23

АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 

I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕР

 

23-берене

 

  1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.

  1. Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
  2. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
  3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.
  4. Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт.
  5. Тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт.

 

24-берене

 

  1. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес.

Басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган жана мыйзамда белгиленген атайын чаралар басмырлоо болуп саналбайт.

  1. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.
  2. Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

 

II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР

 

25-берене

 

  1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.
  2. Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун зарыл болгон коргонуу чегинде укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу.

 

26-берене

 

  1. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.
  2. Балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо — атасынын да, энесинин да бирдей укугу жана милдети. Эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.
  3. Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

 

27-берене

 

  1. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.
  3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги атасына жана энесине, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт.
  4. Мамлекет жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин камкордук көрөт, тарбиялайт жана окутат. Ошол эле учурда аларга башталгыч, орто  жана жогорку кесиптик билимди акысыз алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.

 

28-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды сатууга жол берилбейт.
  2. Балдардын эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.
  3. Согуш, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну, ошондой эле сот чечимин аткаруу тартибин кошпогондо, мажбурланган эмгекке тыюу салынат.

Аскердик, альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурланган эмгек болуп эсептелбейт.

 

29-берене

 

  1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийгистигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу.

Кыргыз Республикасында адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис.

  1. Эч ким инсандын абийирине жана ар-намысына доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты тараткандыгы үчүн жазык куугунтугуна алынышы мүмкүн эмес.
  2. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет.
  3. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, купуя маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.
  4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

 

30-берене

 

  1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким ээсинин эркине каршы алар пайдаланып турган турак жайга жана башка объекттерине кире албайт.
  2. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.
  3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда соттун чечимисиз тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.
  4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

 

31-берене

 

  1. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна эч кандай чектөө коюлбайт.

32-берене

 

  1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.
  2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.
  3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.
  4. Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.

 

33-берене

 

  1. Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.
  2. Ар бир адам мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
  3. Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардагы кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
  4. Ар бир адамга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматка жеткилүктүүлүк кепилденет. Маалымат берүү тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

34-берене

 

  1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
  2. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.
  3. Ар бир адам диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

 

35-берене

 

Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринен (аракетсиздигинен) келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алууга укуктуу.

 

36-берене

 

Ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу.

 

III ГЛАВА. САЯСИЙ УКУКТАР

 

37-берене

 

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.
  3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
  4. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.
  5. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына ар бир адам кайрылууга укуктуу.
  6. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

 

38-берене

 

Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө мыйзам менен мамлекеттик башка кызмат орундары үчүн да белгилениши мүмкүн.

 

39-берене

 

  1. Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес.
  2. Тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлама берүүгө укуктуу.
  3. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары жана катышуучулары тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарламанын жоктугу, кабарламанын түрү, мазмуну жана берүү мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
  4. Тынч чогулуштардын уюштурулушу жана өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

IV ГЛАВА. ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК УКУКТАР

 

40-берене

 

Ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

 

41-берене

 

Ар бир адам экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүгү үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонууга укуктуу.

 

42-берене

 

  1. Ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу.
  2. Ар бир адам эс алууга укуктуу.
  3. Жумуш убактысынын максималдуу узактыгы, жумасына эс алуунун минималдуу убактысы жана акы төлөнүүчү жылдык өргүү, ошондой эле эс алуу укугун жүзөгө ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
  4. Жарандар иш таштоого укуктуу. Иш таштоолорду өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

 

43-берене

 

  1. Ар бир адам ден соолугун коргоого жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Медициналык камсыздандыруу шарттары мыйзам менен аныкталат.
  2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка мекемелерди өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

Мамлекет медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзөт жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылат.

  1. Жарандар мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин тармагынан акысыз пайдаланууга укуктуу.

Медициналык тейлөө, жеңилдетилген шарттарда тейлөөнү кошуп алганда мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

  1. Кызмат адамдарынын адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашыруусу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
  2. Жарандарды медициналык жактан акы төлөө менен тейлөөгө мыйзамда аныкталган негизде жана тартипте жол берилет.

 

44-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденет.
  2. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.
  3. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жүзөгө ашырууга, аларды эч кандай басмырлоосуз социалдык интеграциялоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга негизделген социалдык коргоо тутумунун иштөөсүн камсыз кылат.
  4. Мамлекет ыктыярдуу социалдык камсыздандырууну, социалдык камсыз кылуунун кошумча түрлөрүн түзүүнү жана кайрымдуулук иш-аракеттерди колдоого алат.
  5. Мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш.

 

45-берене

 

  1. Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу.
  2. Эч ким турак жайынан өзүм билемдик менен ажыратылышы мүмкүн эмес.
  3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай курууга көмөк көрсөтөт, турак жайга ээ болуу укугун ишке ашырууга шарт түзөт.
  4. Аз камсыз болгон жана муктаж адамдарга мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак жай фонддорунан же болбосо социалдык мекемелерден мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте турак жай берилет.

 

46-берене

 

  1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.
  2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.
  3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.
  4. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап орто жалпы билим берүү уюмдарына чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзөт.
  5. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт.
  6. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
  7. Мамлекет мыйзамда каралган тартипте жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

 

47-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында жаштарга руханий-маданий, адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүү укугу кепилденет.
  2. Мамлекет жаштардын билим алуусу жана жумуш менен камсыз болуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, жаштардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана ишмердиктин башка чөйрөлөрүнө эркин катышуусуна багытталган жаштар саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат.

 

48-берене

 

  1. Ар бир адамга өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, инсандыгын өнүктүрүү максатында илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн, окутуучулуктун жана окуунун эркиндиги кепилденет. Ар бир адам өз кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
  2. Ар бир адам маданий турмушка катышуу жана маданият баалуулуктарына жеткиликтүүлүккө укуктуу.
  3. Мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук
    аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.
  4. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот.

 

49-берене

 

  1. Ар бир адам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу.
  2. Ар бир адам жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
  3. Ар бир адам курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого жана аяр мамиле кылууга милдеттүү.

 

50-берене

 

Ар бир адам мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

 

V ГЛАВА. ЖАРАНДЫК.

ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 

51-берене

 

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы — адам менен мамлекеттин өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан турган туруктуу укуктук байланышы.
  2. Бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдардын башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.
  3. Өзүнүн Кыргызстан элине таандыктыгын далилдеген ар бир адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мамлекеттин менчиги болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.
  3. Кыргыз Республикасы өз чегинен сырткары жүргөн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.
  4. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап туруу мүмкүндүгүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

 

52-берене

 

  1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
  2. Кыргыз Республикасы саясий себептер боюнча, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жүйөсү менен куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга эл аралык милдеттенмелерге ылайык саясий баш паанек берет.

Саясий баш паанек алган адам башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.

 

53-берене

 

  1. Коомдук жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо — ар бир адамдын милдети. Адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.
  2. Ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай аракеттерди жана ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
  3. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүү.

 

54-берене

 

  1. Ата Мекенди коргоо — Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам менен белгиленген чектерде жана шарттарда аскердик кызмат өтөшөт. Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

VI ГЛАВА. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ

 

55-берене

 

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет.

 

56-берене

 

  1. Мамлекет жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген тартипте камсыз кылат.
  2. Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт.
  3. Инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийгистигине карата чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде гана соттун өкүмү боюнча жол берилет.
  4. Эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.
  5. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам ар-намысы кемсинтилбеген адамгерчиликтүү мамиле жасалышына укуктуу.
  6. Талаптагыдай билдирилген жана ырасталган ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга карата медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларга тыюу салынат.

 

57-берене

 

  1. Ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот тартибинде толтуруп берүү үчүн негиз болот.
  2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.
  3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алгандыгынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.
  4. Күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер айыптоону негиздөө жана соттун чечимин чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
  5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарына каршы күбө болууга жана көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.

 

58-берене

 

  1. Ар бир адам мыйзамда белгиленген учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишинин сотто каралышына укуктуу.
  2. Ар бир соттолгон адам ырайым кылууну жана жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.
  3. Эч ким бир эле укук бузгандык үчүн эки жолу юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.
  4. Ар бир соттолгон адам өз ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто каратууга укуктуу.
  5. Ар бир адам өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

 

59-берене

 

  1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийгистикке укуктуу.
  2. Эч ким кандайдыр бир жарандык укуктук милдеттенмесин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде гана эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
  3. Эч ким соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча гана кармалышы, камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
  4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн дароо, кармалган учурунан 48 саат өткөнгө чейин сотко жеткирилүүгө тийиш. Эгерде адамды кармоого негиз жок болсо, ал адам дароо бошотулууга тийиш.

Айрым учурларда кармап туруунун мындан кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

  1. Кармалган ар бир адамга кармалышынын жүйөлөрү жөнүндө эч кечиктирилбестен билдирилиши жана анын укуктары түшүндүрүлүшү керек.

Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынат, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк, ошондой эле медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укук берилет.

  1. Ушул берененин жоболорун бузуу менен кармалган же камакка алынган ар бир адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөтүп алуу менен тарткан зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуртуп алууга укуктуу.

Билип туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жазык жоопкерчилигине тартылат.

 

60-берене

 

  1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган аракет үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.
  2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы аналогия боюнча колдонулбайт.

 

61-берене

 

  1. Ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет.
  2. Ар бир адам мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу.
  3. Мамлекет адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, ыйгарым укуктары жана иши мыйзам менен аныкталат.

  1. Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

 

62-берене

 

  1. Мамлекет адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды жарыялоого кепилдик берет, бул аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
  2. Конституцияда белгиленген укуктар жана эркиндиктер толук деп саналбайт, адамдын жана жарандын жалпы таанылган башка укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарат же азайтат деп чечмеленбөөгө тийиш.

 

63-берене

 

  1. Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.
  2. Мамлекет ар бир адамдын өздүк маалыматтарынын корголушуна кепилдик берет.

Жарандардын өздүк маалыматтарына жеткиликтүүлүк, аларды алуу мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат.

 

64-берене

 

Адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.

 

65-берене

 

Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпеген элдик нарк, салттар жана үрп-адаттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.